Жанылыктар

МААЛЫМАТ КАТ

Кыргыз Республикасы
      Билим берүү жана илим министрлиги

Ош мамлекеттик университети
Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети


723500, Kyrgyzstan, Osh, Kurmanjan Datka street, N 250. tel. 23505, e-mail: infak.oshsu@mail.ru

МААЛЫМАТ КАТ

Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети 2017-жылдын 26–апрелинде Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган “Илим - өнүгүүнүн булагы” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин VI илимий-практикалык конференциясын өткөрүүнү уюштуруп жатат.

Илимий-практикалык семинар т ө м ө нк ү багыттарда (секцияларда) ө т ө т:

1. Мамлекеттик тил, ыйман, адеп , маданият жана дин маселелери

2. Чет тилдерин үйрөнүү жана эл аралык байланыштар маселелери

3. Билим берүүдөгү туруктуу өнүгүүнүн маселелери

4. Табигый-техникалык илимдериндеги маселелер


Илимий макалалар 2017-жылдын 20-апрелине чейин кабыл алынат.


Илимий макалаларды жазууга коюлган талаптар :

1. Баяндамалар 4-5 беттен туруп, компьютерде 14 шрифт менен А4 форматындагы кагазга басылган формада (1 экземпляр) жана электрондук вариантта кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат (Макалалардын сапатына, маанисине автор жана илимий жетекчи жооптуу). Текстте макалалардын темасын, кыскача аннотациясын жана авторлордун фамилиясын, аты-жөнүн орус, англис тилдеринде берүү керек. Текст Word редакторунда, Times New Roman (англисче, орусча), Tamga Kit (кыргызча), 1,5 интервал менен, ал эми А4 форматынын талаасы: үстүнөн 20мм, астынан 20мм, оң жагынан, 15мм, сол жагынан 30мм менен чектелүүсү зарыл.

2. Макаланын эң үстүнүн сол жагында УДК, андан кийинки катарда макаланын темасы чоң тамгалар менен, кийин автордун (авторлордун) фамилиясы, аты-жөнү, окуган, иштеген жери көрсөтүлүшү керек.

3. Сүрөттөр сканерленген абалда *.jpg. же *.bmp форматында берилүүсү зарыл.

4. Макаланын автору (авторлору) тууралуу кыскача маалымат: фамилиясы, аты-жөнү, окуган, иштеген жери, элект. дареги жана тел. номерлери тексттин акырында көрсөтүлүшү керек.

Уюштуруу комитетинин дареги: 723500, Кыргыз Республикасы, Ош ш., Курманжан Датка көчөсү 250, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети (Ош мамлекеттик университети)

Тел: 0779445400, е-mail: r.ismailova@yahoo.com ( илимий иштер б-ча жооптуу

Ысмаилова Райкан Апжапаровна );

Тел: 0552159572, e-mail: dinka19998@gmail.com (ЖКнын илимий иштер боюнча секторунун башчысы Бакытбек кызы Динара)


Көчүрүү

Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган «Илим жумалыгын» өткөрүүнүн ПЛАНЫН Көчүрүү
4393 16:51 29-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|