Жанылыктар

"Төрт жыл мезгили"

2017-жылдын 14-мартында Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин немис тили кафедрасында "Төрт жыл мезгили" деген аталышта 3АПК-1-14(А), 3АПК-1-14(Б), 3АКК-1-14(А), 3АКК-2-14(Б)тайпаларынын арасында конкурс болуп өттү. Бул иш- чараны немис тили кафедрасынын улук окутуучусу Аттокурова З.Н. жетектеди. Бул иш-чара "ыйман, адеп жана маданият" жылына арноо менен анын негизги максаты студенттердин немис тилинде сүйлөп, өздөрүнүн өнөрлөрүн окутуучулардын, студенттердин алдына алып чыгуу эле. 3-курстун 4 тайпасы катышкан конкурс абдан кызыктуу өтүп, жеңишке жеткен тайпалар мактоо баракчалар жана белектер менен сыйланышты. Бул иш-чара студенттерге жакшы маанай тартуулады.
3566 15:36 15-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|