Жанылыктар

Борбордук Азиядагы америкалык университетинин дата-журналистикасы боюнча лектору ОшМУ да

Борбордук Азиядагы америкалык университетинин дата-журналистикасы боюнча лектору Анастасия Валеева кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде "Дата журналистикасынын негизги принциптери" деген темада семинар өттү. Семинарга журналистика кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери, ошондой эле Ош пирим, Ынтымак ТРК сынан журналисттер келип катышышты. Бул семинарда журналисттер төмөнкүдөй суроолорго жооп ала алышты: 1.Дата журналистика деген эмне? 2. Кыргызстанга дата журналистика эмне үчүн керек? 3. Бүгүнкү күндө маалыматтар базасы менен журналисттер кандай иш алып барышат? 4.Дата журналистикасы менен иштөөнү үйрөнүү. Мындан сырткары да студенттер кызыккан суроолорун беришип, өздөрүнүн билим куржунун зарыл болгон маалыматтар менен толукташты.
2505 08:12 22-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|