Жанылыктар

Түркиянын Анкара шаарында ислам өлкөлөрүнүн ректорлорунун форуму “VC FORUM 2017” болуп өттү

ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдувалиев Абдыганы Осмонович, Анкара (Түркия) шаарында өткөн ислам өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна “VC FORUM 2017” катышып келди. Бул форумга 34 өлкөдөн 114 делегат катышты. Кыргызстандан үчө КТМУнун ректору Сeбахаттин Балжы, МУКтун ректору академик А.А Айдаралиев жана А.О Абдувалиев катышты. Форумда жогорку билим берүүнүн проблемалары, ислам өлкөлөрүндө билим берүүнү интеграциялоо, академиялык мабилдүүлүк жана башка маселелер талкууланды. Форумдун биринчи күнү Түркия мамлекеттик комплексинде өттү жана ага Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган толугу менен катышып акырында кенен сөз сүйлөдү.Форумга катышкан ректорлор менен пикир алмашылды жана байланыштар түзүлдү. Форум боюнча толук маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алсаныз болот...
3203 12:51 01-08-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|