Жанылыктар

2018-жылдын 18-июнунда ОшМУнун индустриалдык –педагогикалык колледжинде тегерек стол болуп өттү.

2018-жылдын 18-июнунда ОшМУнун индустриалдык –педагогикалык колледжинде тегерек 18 июня 2018 года в индустриально-педагогическом колледже ОшГУ был проведен круглый стол. стол болуп өттү. (АБР) Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу астында инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр,- Секторду өнүктүрүү программасынын: “квалификацияны жогорулатуу жана даярдоо Борборун өнүктүрүү жана көрө билүү стратегиясы. Пилоттоо үчүн адистиктерди тандоону негиздөө”- деген темада тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столду өткөрүүнүн максаты ИПКны квалификацияны жогорулатуу жана даярдоо борбору катары калыптандыруу, эмгек рыногунун талаптарына жооп берерлик, кесиптик-техникалык жана педагогикалык билим берүүнүн сапатын проблемаларын чечүү болгон. Тегерек столдун талкуусуна 48 адам катышты, алар: М.А.Баймурзаев, КР билим берүү жана илим минстирлигинин бюджеттик саясат, финансылык анализ жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы, З.И.Молдошев, Ош облустук өкмөтүнүн аппаратынын толук ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн мониторинги жана социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси, Жээнбекова Надира Бабырбековна, АБРдин “инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр: секторун өнүктүрүү программасынын” КР ОРП МОН боюнча менеджери Маматхалил Разаев, АБРдин “инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр: Секторду өнүктүрүү программасынын” ОПтун кызматкери Кадыркулов Санжар, баалоо мониторинг боюнча адис Жумабаева Бактыгул Амановна, Балыкчы шаардык индустриалдык-педагогикалык колледждин директору. Иш берүүчүлөр (стейкхолдерлер), колледждин окутуучулары. Тегерек столду индустриалдык-педагогикалык колледждин директору О.А.Шаимкулов ачып, катышуучулары менен саламдашып, регламентти жана индустриалдык-педагогикалык колледждин бүгүнкү күндөгү абалын слайд аркылуу тааныштырды. Тегерек столдун регламентинде: Ош облустук региондук саясатынын жана региондук эмгек рыногунун муктаждыктары жөнүндөгү көйгөйлөр каралды. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жана жерге орноштуруу боюнча Ош шаардык башкармалыгынын маалыматтык-техникалык камсыздоо борборунун башчысы Кыштообаев Орозалы чыгып сүйлөдү. “Пилоттоштуруу үчүн адистиктерди тандоону негиздөөнү” презентациялоо боюнча ОшМУнун ИПКнын директору п.и.к. доцент О.А.Шаимкулов чыгып сүйлөдү. “Квалификацияны жогорулатуу жана даярдоо борборун өнүктүрүү жана көрө билүү стратегиясы” боюнча ТАББТМ кафедрасынын жетекчиси Дж.Н.Досматова чыгып сүйлөдү. Талкуулардын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан колледждин жана социалдык партнёрлордун тыгыз кызматташтыгы жөнүндө эмгек рыногунун муктаждыктарына колледждин ыкчам аракетин камсыздоо, колледжди өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыздоо максатында, анын бүтүрүүчүлөрүнүн эмгекке орношуусун пландаштыруу, реализациялоо, баалоо, мониторинг аркылуу жана стейкхолдерлер-социалдык портнёрлор, иш берүүчүлөр, жеке ишкерлер, жана чет өлкөлүк партнёрлор менен тыгыз байланышуу аркылуу камсыздоо жөнүндө маселелер каралды. Тегерек столдун сунуштарын, рекомендацияларын талкуулоо жана бекитүү отурумдун жыйынтыгы болду.
3437 10:51 21-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|