Жанылыктар

ОшМу, индустриалдык –педагогикалык колледжде акыркы коңгуроо аземи...

Мантияларды кийген колледждин бүтүрүүчүлөрү, куттуктап келген ата-энелер,кучак толгон гүлдөр... Көптөн берки жааган жаандан кийинки бир күндүк жаркыраган күн. 29- май күнү эрте менен эрте колледждин короосу өзгөчө кубаныч менен майрамдык шаңга бөлөнүп турду. Мына эми Кыргыз драма театрынын алдында музыканын коштоосунда биринчи курстар бутуруучулөрдү, ата-энелерди, окутуучуларды жана меймандарды кол чаап,тосуп алышып, концерттик залга чейин узатып турушту. Салт боюнча биринчи болуп бүтүрүүчүлөргө индустриалдык –педагогикалык колледждин директору п.и.к. доцент Шаимкулов Олжобай Акматович каалоо айтты. Ал сөзүндө быйылкы окуу жылында 22 тайпа бүтүрүүчү бүтүп жаткандыгын белгилеп өттү жана эң алдыңкы бүтүрүүчүлөрдү “Ардак грамоталар” менен сыйлады. Андан башка п.и.к. доцент Исаев А.И., ОКББТМ кафедрасынын башчысы доцент К.Б.Байгазиев агайлар бүтүрүүчүлөрдү куттуктуктап, аларга турмуш жолунда ак жол каалашты. Мындан сырткары биринчи курстун студенттери бүтүрүүчүлөргө алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырып алууларын каалоо менен бирге куттуктоо иретинде концерт коюп, көпчүлүктүн көңүлүн ачышты. Акырыкы коңгуроо майрамы кызыктуу жана эң жогорку деңгээлде өттү.
4098 14:41 30-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|