Жанылыктар

Өндүрүштөр менен байланыштар департаменти тарабынан уюштурулган конференция өткөрүлдү.

2018-жылдын 8-февралында “Практикаларды кесипке багыттоодо аны уюштуруп өткөрүүдөгү программалардын абалы жана анын негизги билим берүү программасындагы компетенцияларды калыптандырууда окуу жай менен өндүрүштүн байланышы” аттуу темадагы конференция өткөрүлдү. Конференцияга университеттин 115 профессордук окутуучулук курамы, факультет-колледждердеги практика жетекчилери жана 162 аймактардан келген өндүрүш мекеме-уюмдарынын жетекчилери, өкүлдөрү катышышты. Cтуденттердин теориялык билимин жана кесипкөй адис катары кесиптик компетенцияга калыптандырылышы боюнча окуу-таанышуу, өндүрүштүк, дипломго чейинки квалификациялык практиканын түрлөрүн айкалыштыруусу боюнча пикир алмашуулар жана талкуулар жүргүзүлдү.
1726 16:21 13-02-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|