Жанылыктар

2-4-курстун аспиранттарына практикалык семинар өткөрүлдү

2016-жылдын 4-февралында Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан ОшМУнун 2-4-курсунун аспиранттарына “Илимий-изилдөө иштериндеги жаңы критерийлер” деген темадагы практикалык семинар өткөрүлдү. Семинарда илимий иштер боюнча проректор, профессор И. Г. Кенжаев, Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаевалар тарабынан “РИНЦ (elibrary.ru) жана “Scopus” системалары аркылуу индекстелүүчү илимий басылмаларда макаланы жарыкка чыгаруу”, “Аспиранттардын учурдагы иш-аракеттеринин абалы жана алдыдагы иш-милдеттер”, деген темадагы баяндамалар жасалды. Аспиранттардын иш-аракеттеринин учурдагы абалы аныкталып, алдыдагы иш-милдеттери боюнча бир топ маселелер талкууланды.
4163 11:16 07-02-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 >|