Жанылыктар

Эл аралык медицина факультетине лицензиялык экпертиза жүргүзүлдү.

2017-жылы 21-23 ноябрында Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде . Ош мамлекеттик университетинин жогорку кесиптик билим берүү программасына ылайк эл аралык медицина факультетине лицензиялык экспертиза жүргүзүлдү. Комиссия мүчөлөрү: Байгазаков Асилбек Топчубаевич –«ЮРФА» медициналык клиникасынын башкы дарыгери, КММИжКДБнун доценти, м.и.д., комиссиянын төрөгасы; -Айтбаев Кубаныч Авенович –академик М. Мирахимов атындагы Улуттук борборунун алдындагы Молекулярдык биология жана медицина илимий институтунун «Иммунология» лабораториясынын башчысы, м.и.д., профессор. - Джумаев Равшанбек Мамадиевич – Кыргыз –Өзбек университетинин медициналык колледжинин директору , м.и.к., доцент. Комиссиянын мүчөлөрү эл аралык медицина факультетинин деканаты, кафедралары, вертуалдык клиникасы жана АVN системасынын иш чаралары менен танышышты . Аталган окуу жайдын студенттеринин клиникалык көндүмдөрүнүн өнүгүүсүн текшерүү менен лекцияларга жана практикалык сабактарына катышышты . Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо боюнча талаптарына ылайык бардык иш кагаздары текшерилди.
3813 17:02 24-11-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|