Жанылыктар

«Кыргызстандын улуттук идеологиясы: абалы, чакырыктар, келечеги» темасынын алкагындагы тегерек стол

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүндөгү Гуманитардык жана аймактык изилдөөлөр институту жана ОшМУнун “Эл аралык мамилелер” кафедрасынын демилгеси менен уюштурулган, «Кыргызстандын улуттук идеологиясы: абалы, чакырыктар, келечеги» темасынын алкагындагы тегерек стол болуп өттү. Талкууга Ош шаарынын мэриясынын өкүлү, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүгүнөн, Ош шаардык кеңешинин депутаттык корпусунан өкүлдөр, ГАИИнин илимий кызматкерлери,ОшМУнун Эл аралык мамилелер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, “Саясат таануу” жана “Аймак таануу” багытындагы магистранттар жана философия жана политология кафедрасынын мүчөлөрү доценттер Г. Токоева, Г. Аматова, Ж. Абдылдаев жана окутуучулар Т. Базаркулова, Д. Эшеналиевалар катышты. Анда улуттук идеологияны жандандыруу боюнча кызуу талкуу жүрдү. Кафедра мүчөлөрү талкууга катышып, активдүүлүгүн көрсөттү.
2152 16:25 01-06-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|