Жанылыктар

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматтары

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(09.10.2017-ж 14 .10.2017-ж)

1. ИПКдан которулган тайпалардын саны такталгандыгына байланыштуу кафедранын саат эсеби кайрадан иштелип чыкты.

2. Биология секциясына лабораториялык кабинет берилгендиктен лабораториялык препараттар көчүрүлүп жайгаштырылды.

3. Кафедрага тиешелүү сабактар өз убагында өтүлдү.

4. Дежурстволор өз убагында жүрүп жатат.

5. Кураторлор үчүн жыйналыш өтүлдү.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(13.11.2017 – 20.11.2017)

1. 13-ноябрь факультетибизде декандык шайлоо болуп өттү. Ага кафедра мүчөлөрү толугу менен катышышты.

2. 14-15-ноябрь А.Сопуев тарабынан өткөрүлгөн семинарга кафедранын төмөндөгү мугалимдери катышышты: М.Шайимкулова, Р.Анаркулов, А.Ибайдуллаев, Ж.Аблабекова, А.Бообекова, Э.Ажиматова, Мурзали к А.

3. 16- ноябрь саат 14:00дө кафедранын отуруму болуп өттү.Ага кафедра мүчөлөрү толугу менен катышышты.

4. Кафедрага тиешелүү сабактар өз убагында өтүлүп жатат.

5. Дежурстволор өз убагында жүрүп жатат

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(20.11.2017 – 27.11.2017)

1. Факультетибиздин дистанттык окуу бөлүмүндө МНО5д-2-16 жана ПДО-1-16 тайпалары жаныдан түзүлгөндүгүнө байланыштуу Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары Э.Ажиматова, А.Багышев, Мурзали кызы Аидага 2017-2018-окуу жылына пландаштырылган саат эсеби кайрадан толукталып түзүлдү.

2. 23-ноябрь 14:00дө факультетибизде аккредитацияга даярдык боюнча чогулуш болуп өттү жана ага кафедра мүчөлөрү толугу менен катышышты.

3. 24-ноябрь кафедра мүчөлөрү жумушчу программаларын, силлабустарын, ОМКларын факультетте түзүлгөн коммиссиядан өздүк текшерүүдөн өткөрүштү.

4. Кафедрага тиешелүү сабактар өз убагында өтүлүп жатат.

5. Дежурстволор өз убагында жүрүп жатат

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(04.12.2017 – 11.12.2017)

1. Бул жумада кафедранын иш кагаздарын сайтка жүктөдүк жана

аннотацияларды киргиздик.

2. 8-декабрь Окумуштуулар кеңешине кафедра мүчөлөрү толугу менен

катышышты.

3. Квалификациялык иштердин темалары бүтүрүүчү курстун студенттери

тарабынан тандалып, жетекчилер менен тыгыз иш алып барышууда.

3. Кафедрага тиешелүү сабактар өз убагында өтүлүп жатат.

4. Дежурстволор өз убагында жүрүп жатат

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(11.12.2017 – 18.12.2017)

1. 12-декабрда саат 15:00 дө кафедранын №5 кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга кафедра мүчөлөрү толугу менен катышышты. Отурумда төмөнкүдөй маселелер каралды:

· Аккредитацияга даярдыктын абалы тууралуу. SWOT анализ жүргүзүү.

· Кафедранын математика секциясмнын ачык сабактары.

Кафедранын мүчөлөрү, математика секциясынын курамы Р.П.Анаркулов,

Х.Ибайдуллаев, Э.Ажиматова, А.Багышовтун жана К.Джаныбаевтердин

лекцияларынын текстин жана сабактарына катышуу боюнча талкуулоо.

· Окутуунун бакалавр формасында кафедранын студенттер менен иштөөсүнүн,

билимдерди баалоосунун өзгөчөлүктөрү, абалы, экзамен кабыл алуунун

формалары жөнүндө

· Квалификациялык иштердин темаларын, максаттарын, методдорун жана күтүлүүчү натыйжаларды иштеп чыгуу

· Кафедрага тиешелүү дисциплиналарды окутуунун жана практикалардын

сапатын баалоо

үчүн түзүлгөн баалоо каражаттарынын фондун (БКФ) талкуулоо.

· Ар түрдүү маселелер

2. Баалоо каражаттарынын фонду (БКФ) боюнча Багышев Алтын агай жана Ажиматова Элмира эжеке кафедра мүчөлөрүнө 12-декабрь куну семинар өтүп беришти.

3. 13-декабрь саат 14:00 дө “Экология бугун жана эртен” деген темада Шайимкулова Минабар эжеке НО-1-2-3-17 группалар арасында таймаш өткөрдү.

4. ОшМУнун Кыргыз Европа факультетинде 14-декабрь күнү саат 14:00 дө “Этнопедагогика – заманбап социумдагы этномаданий дөөлөттөрдү сактоонун фактору катары” деген темада эл аралык илимий конференция болуп өттү. Бул конференцияда кафедранын улук окутуучусу Идаев Бекмурза агай “А.Алимбеков жана түрк дүйнөсүнүн алкагындагы этнопедагогикалык изилдөөлөр” деген темада илимий доклад окуду.

5. 15-декабрь куну саат 11:00 дө магистранттарга А.Алимбеков келип семинар өтуп кетти.

6. 16- декабрь саат 11:00 дө бүтүрүүчү курстардын практикалык отчету боюнча конференция болуп өттү. Конференцияга кафедра мүчөлөрүнөн практикага бөлүнгөн мугалимдер катышышты.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(18.12.2017 – 25.12.2017)

1. Модулдар өз убагында алынып жатат.

2. Жаны жылга карата 8-декабрда 2-курстар арасында конкурс болуп

өттү.

3. Аралык текшерүүлөрдүн жана модулдардын жыйынтыгы журналдарга

толтурулуп, АVNге түшүрүлдү.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(25.12.2017-30.12.2017)

1. Кафедра мүчөлөрү экзамендерди өз убагында алып жатат жана жыйынтыгы журналдарга толтурулуп, АVNге түшүрүлдү.

2. Кафедра башчысы кафедра мүчөлөрү менен биргеликте январь айынын иш планын түздү.

3. 29-декабрь саат 10:00 дө “Окумуштуулар кеңеши” болуп өттү.

4. 29 - декабрда саат 15:00дө кафедранын № 6 кезектеги отуруму болду.

Отурумда төмөнкү маселелер каралды:

· 1-жарым жылдык үчүн окутуучулардын отчеттору. Күндүзү,

сырттан окуу бөлүмдөрүндөгү кышкы сессиялардын жыйынтыгы.

· Профессионалдык-профилдик практиканын жыйынтыгы боюнча

отчет.

· ППСтин календардык окуу жылындагы илимий-изилдъъ

иштеринин жыйынтыгы.

· 2018-жылга карата кафедранын материалдык базаны жакшыртуу

үчүн жабдууларга, окуу - методикалык китептерге заявкаларды

берүү.

  • Ар түрдүү маселелер.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(04.01.2018-06.01.2018)

Башталгыч билим берүү теориясы жана методикасы кафедрасынын 2018-окуу жылынын январь айына

карата түзүлгөн иш планы

Иш чаранын аталышы

Мөөнөтү

Жооптуулар

1

Квалификацияны өркүндөтүү боюнча ОшМУ тарабынан уюштурулуп жаткан курстарга катышуу.

Январь,

2018-жыл

график боюнча

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунан Н.Капарова, А.Багышев,

Мурзали к. А.

окушат.

2

Көп тилдүүлүк билим берүү боюнча семинарларга катышуу.

Январь,

2018-жыл

граф. боюнча

Тиешелүү дисциплиналарды CLIL методу менен окутуучу кафедра мүчөлөрү

3

2018-жылдын январь айы үчүн ар бир кафедра мүчөсүнүн иш планын бекитүү(иш план тиркелет).

04.01.18

Кафедра мүчөлөрү

4

Кафедрага тиешелүү дисциплиналар боюнча окуу адабияттарынын жетиштүүлүгүн тактоо жана электрондук китеп фондун иликтөө.

9-10-январь,

2018-жыл

Кафедра башчысы,

кафедра мүчөлөрү

5

Студенттердин билимдерин баалоонун усулдарын өркүндөтүү боюнча семинар уюштуруу (кафедранын деңгээлинде)

11.01.18

М.Шайимкулова

Э.Ажиматова

6

Студенттердин билимин баалоонун (учурдук, аралык жана жыйынтыктоочу) методдору жана күтүлүүчү натыйжага багытталып даярдалуусунун абалына анализ берүү.

15-16 -январь,

2018-жыл

Кафедра башчысы, кафедра мүчөлөрү

7

Стратегиялык жана учурдук пландардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү (окутуучулар жана жумуш берүүчүлөр менен бирге)

18.01.18

Деканат менен биргеликте

8

НБППны мезгили менен баалоо жана талкулоо үчүн жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу.

18.01.18.

Кафедра башчы,

кафедра мүчөлөрү деканат менен биргеликте

9

Окуу планындагы кафедрага тиешелүү предметтер боюнча ОМКларын окутуунун максаты жана күтүлүүчү натыйжаларына багыттап түзүлүүсүн анализдөө жана электрондук вариантын AVN ге жайгаштыруу.

22-23-январь, 2018-жыл

Кафедра башчысы,

кафедра мүчөлөрү

10

Бардык дисциплиналар боюнча баалоо каражаттарын түзүү жана бекитүү.

25.01.18

Кафедра мүчөлөрү

11

Кышкы лагерь (кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү)

Январь ичинде 2018-жыл

Деканат менен биргеликте каф. мүчөлөрү

12

МАКтын программасын, суроолорун түзүү жана бекитүү.

27.01.18

Кафедра мүчөлөрү

1. Кафедра башчысы январь айынын иш планын кафедра мүчөлөрү менен

биргеликте түзүп, факультеттин деканына бекиттирди.

2. 5-январь кафедранын №7 кезексиз отуруму болуп өттү. Отурумда

төмөнкү маселелер тууралуу сөз болду:

· Кафедранын 2018-жылдын январь айындагы аткарыла турган иштеринин факультеттин деканы тарабынан бекитилген иш планын , ошондой эле ОшМУнун АББСДнын директору Алтыбаева М.А. тарабынан иштелип чыккан иш планы менен кафедра мүчөлөрүн тааныштыруу (ар бир кафедра мүчөсүнө таркатма материал-иш пландардын копиясы берилет).

· Иш планындагы иш чараларды кафедра мүчөлөрүнө бөлүштүрүү.

  • Ар түрдүү маселелер.

3. Квалификацияны өркүндөтүү боюнча ОшМУ тарабынан уюштурулуп жаткан

курстарга үзгүлтүксүз билим берүү институтуна Н.Капарова, А.Багышев,

Мурзали к. А. барышат деп отурумда чечим кабыл алышты.

4. Кафедра мүчөлөрү баары 1-жарым жылдык отчетторун жеке иш пландарына жазып

толугу менен тапшырышты.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(08.01.2018-15.01.2018)

1. 9-10-январь кафедрага тиешелүү дисциплиналар боюнча окуу

адабияттарынын жетиштүүлүгүн тактоо жана электрондук китеп

фондун иликтөө.

2. 11-январь студенттердин билимдерин баалоонун усулдарын өркүндөтүү

боюнча семинар уюштуруу (кафедранын деңгээлинде)

3. 11-12-январь ОшМУнун факультеттер арасында волейбол, шахмат,

“Тогуз- Коргоол” оюндары боюнча спортокиада болуп өттү.

Шахмат боюнча кафедрадан М.Шайимкулова, А.Исмаиловалар

катышышты.

“Тогуз – Коргоол” боюнча Э.Ажиматова катышты.

4. Кафедрада болуп жаткан иштер сайтка жүктөлүүдө.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

БББТМ кафедрасынын жумалык маалыматы

(15.01.2018-27.01.2018)

1. Квалификацияны өркүндөтүү боюнча 11-январдан 26-январга чейин үзгүлтүксүз билим берүү институтунан А.Багышев, Мурзали кызы Аида жана доценттер М.Шайимкулова, Ж.Аблабековалар билимин өркүндөтүштү.

2. 15-16-январда “Сайтка маалымат киргизүү” боюнча Эркебай кызы Наргиза семинарга катышты.

3. Көп тилдүүлүк билим берүү (CLIL) боюнча 15-16-17-январда 1-курста Н.Капарова, А.Исмаиловалар окушту. 17-18-19-январь 2-курста Х.Ибайдуллаев, К.Джаныбаев, Э.Ажиматовалар окушту.

4. 2018-жылдын январь айы үчүн ар бир кафедра мүчөсүнүн бекитилген иш планы боюнча иштерин: ОМК, жумушчу программа, силлабустар үстүнөн иштешти.

5. Кафедрага тиешелүү дисциплиналар боюнча окуу адабияттарынын жетиштүүлүгү такталып жана зарыл адабияттар көрсөтүлүп, ОшМУнун ректоруна кол коюлуп, С. Мамбетовага берилди.

6. Студенттердин билимдерин баалоонун усулдарын өркүндөтүү боюнча М.Шайимкулова, Э.Ажиматовалар семинар уюштуруп 19-январь күнү 222-аудиторияда электрондук досканы пайдаланып кафедра мүчөлөрүнө багыт берилди.

7. Студенттердин билимин баалоонун (учурдук, аралык жана жыйынтыктоочу) методдору жана күтүлүүчү натыйжага багытталып даярдалуусунун абалына анализ беришти.

8. Стратегиялык жана учурдук пландардын аткарылышына деканат менен биргеликте мониторинг жүргүзүштү (окутуучулар жана жумуш берүүчүлөр менен бирге).

9. НБППны мезгили менен баалоо жана талкулоо үчүн деканат менен биргеликте жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу уюштурушту.

10. Окуу планындагы кафедрага тиешелүү предметтер боюнча ОМКларын окутуунун максаты жана күтүлүүчү натыйжаларына багыттап түзүлүүсүн анализдөө жана электрондук вариантын AVN ге жайгаштыруу боюнча иштер аткарылып, кафедра башчысы жана методикалык иштер боюнча Э.Ажиматова менен биргеликте текшеришип, анализ жүргүзүштү.

11. Бардык дисциплиналар боюнча баалоо каражаттары түзүлүп, кафедрада 50 пайызы иштелип калды.

12. МАКтын программасы, суроолору түзүлдү, кафедранын отурумунда талкууланат.

Маалыматты даярдаган: Эркебай кызы Наргиза

1390 10:47 07-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 >|