Жанылыктар

Ош шаардык казыятынын казысы Убайдулла Сарыбаев юридика факультетинде конокто.

Ош шаарынын казысы студенттерди билим алууга чакырууда 5-декабрь/ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана шаардык казыяттын баш имам хатиби Мырза кары Осмонов Юридикалык факультеттин студенттери менен жолугушуп, «Билим алуудагы жаштардын ролу», «Ыймандуу коом» жана «Ата-энени урматтоо» темасында өздөрүнүн лекцияларын окушуп, келечек муундарды ыймандуу, адептүү жана кайрымдуу болууга үндөштү. Ал эми Ош шаардык казыятынын баш имам хатиби Мырза кары Осмонов жаштарды экстремисттик агымдардан, радикалдык үгүттөрдөн алыс болууга чакыкырып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндө расмий иштеген имамдардан гана кеңеш алуусун баса белгиледи. Эскерте кетсек: аталган түшүндүрүү иш чарасы ОшМУнун демилгеси менен өткөрүлдү.
3059 23:55 05-12-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|