Жанылыктар

Профессор Г.К.Кулдышеванын жатаканадагы студенттер менен кезектеги жолугушуусу.

Бүгүн ОшМУ нун юридика факультетинин деканы,профессор Г.К.Кулдышева университетибиздин №2-жатаканасында жашаган студенттер менен кезектеги чай үстүндөгү эркин форматтагы баарлашуу-жолугушуусу болду. Мында факультеттин деканы Г.К.Кулдышева университетибиздин жетекчилиги тарабынан жүзөөгө ашып жаткан алгылыктуу иштер менен студенттерди кабардар кылып, убактыларын бир гана окууга арналышын сунуштады.Ошондой эле бул жолугушуу эркин форматта болгондуктан студенттердин кызыктырган суроолору менен коштолуп, тиешелүү жооптор алынды."Ыйман,адеп жана маданият" жылына карата да маданиятуулукка, адептүүлүккө жана ыймандуулукка чакырган бир топ ой пикирлер да айтылды.Жатаканада жашаган студенттер факультеттин жетекчиси өзү катышкан мындай эркин форматтагы жолугушуу жатаканада алгачкы ирет болуп жаткандыгын баса белгилешип,мындан ары да үзгүлтүксүз байма-бай болуп турса жана бул саамалык үлгү катары жайылтылса деген аруу таза тилектерин билдиришти.Ошентип бул жолугушуу жагымдуу жыйынтыкталды.
3604 21:16 10-02-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|