Объявления

Магистратура жана PhD докторантура бөлүмүндө тегерек стол өткөрүлөт

2017-жылдын 29-марты саат 14:00 ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмү Магистратурадагы баардык билим берүү багытындагы программа жетекчилеринин жана тиешелүү структуралардын магистратура башчылары илимдин философиялык проблемалары, илимий изилдөөнүн методикасы жана методологиясы предметтеринин окутуучулары өздөрүнүн ОМКлары менен жана ар бир тайпанын старосталарынын катышуусу менен “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер- илимий изилдөө иштерин жүргүзүү методологиясы” аттуу талкуу, тегерек стол өткөрүлөт. Программада:  ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин немис тили кафедрасынын башчысы филология илимдеринин кандидиты, доцент Кабылов Тойчу “Илим изилдөөнүн усулдары жана усулуяты предметин окутуудагы тажырыйба жана айрым маселелер”.  ОшМУнун философия кафедрасынын доценти философия илимдеринин кандидиты Боронбаев Ажимамат “Илимдин философиялык проблемалары предметин магистратурада окутуунун айрым маселелери”.  ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева “Илимий изилдөөнүн методологиясы”.  Талкуулар, ойлор, сунуштар. ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмү
3369 10:39 17-03-2017

                 

Объявления

|< 1 2 3 >|