Жанылыктар

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн көчмө жыйыны!



ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы б.и.д., профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна 2017-жылдын 1-мартында бөлүмдүн ар шаршемби күнү өтүлүүчү жыйынын Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде өткөрдү. Жыйынга университеттин 13 факультетинин магистратура жооптуулары катышышты. Сөз башында факультеттин деканы ф.и.к., доцент Калыгулова С.Ш. жана магистратурага сабак берген окутуучулар факультеттеги магистратуранын көйгөйлөрү жана артыкчылыктары менен ой бөлүшүштү. Жыйындын жүрүшүндө факультеттин магистратура бөлүмүнүн жалпы абалы талкууланды. Факультеттин магистратура жооптуусу Рахимбаева Г.А. иш кагаздары, окуу лабораториялары, аудиториялары жана китепканалары менен тааныштырды.

















2831 11:56 04-03-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|