Объявления

ОшМУнун магистратурасынын программа жетекчилери жана окутуучулары!

2017-жылдын 15-февралында саат 15:00дө ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүндө, магистратурадагы баардык билим берүү багытындагы программа жетекчилеринин жана тиешелүү структуралардын магистратура башчыларынын катышуусу менен “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер” аттуу талкуу, тегерек стол өткөрүлөт.

Программада: • ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков “Магистратуранын келечеги жана учурдагы маселелер”. • ОшМУнун сапат департаментинин директору, ф.-м.и.к., профессор М.Алтыбаева “Эл аралык тажырыйба, учурдагы маселелер”. • ОшМУнун БжМ факультетинин магистратура жооптуусу э.и.к., доцент М.А. Джоробаева “Магистратура боюнча көп жылдык тажырыйбасы бар БжМ факультетинин жетишкендиктери жана көйгөйлөрү”. • ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева “Магистратурадагы окууну, практикаларды, илимий иштерди уюштуруу”. • Активдүү диалог, талкуу

ОшМУнун магистратура жана PhD докторантура бөлүмү

2981 11:42 30-01-2017

                 

Объявления

|< 1 2 3 >|