Спектаклдин премьерасына ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер күбө болушуп, жылуу кабыл алынды.
«ОшМУнун элдик театры 1960-жылы түптөлүп, алар мыкты спекталдери менен малчыларга, пахтачы, тамекичилерге, багбанчыларга барып койгон, элди аралаган элдик театр болгон. Токтоп калган театрды жандантуу максатында былтыр Тарых жана маданият жылына карата февраль айында ОшМУнун маданий-эстетикалык борборунун алдында “Студенттик театр” ачылып, анын режиссеру Ниязбек Абдиразаковдун режиссерлугунда ОшМУнун таланттуу студенттеринин аткаруусунда “Кымбаттуу, Зейне Белековна!” аттуу чакан спектакль жалпы көрүүчүлөргө тартууланган болчу.
Быйылкы жылы минтип дагы бир көрүүчүлөрдүн купулуна толгон спектакль тартуулашып, анда 4 каарман бүтүндөй чыгармалардагы каармандардын образына кирип, актердук чеберчилик менен аткарып жатканкандыктары аябай кубандырды.
“Кымбаттуу, Зейне Белековна!” спектаклинде башкы ролду жараткан кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Бактыбек кызы Нурай бүгүн жаңы ракурста ачылды. Бир актриса ачык-айрым Жамиланын, романтикалуу Аселдин, келечектен чоң үмүт артып бараткан Алтынайдын, ошондой эле Мырзагүлдүн, Сейденин ролун ийинине жеткире аткарды. Спектаклдин режиссеруна, таланттуу актер студенттерге жалпы жамааттын атынан ыраазычылык билдирем»,-деген ректор Каныбек Исаков спектаклде рол жараткан Данияр, Калдарбек, Талгаттын ар биринин жараткан образдарына, чеберчиликтерине токтолуп өттү.
Көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланган спектаклди ар бир факультет, колледждерде тартуулоо сунушу айтылды.