Жанылыктар

Иш берүүчүлөр менен бүтүрүүчүлөрдүн ортосунда тегерек стол уюштурулду

ОшМУда жаштарды жумушка жайгашуусундагы актуалдуу маселелер аттуу тегерек стол болуп өттү. Жыйынга Ош шаардык мэриясынан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнөн, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы, билим берүү тармагынан, Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюздук уюмунун Ош областтык укуктук инспектору, эл аралык уюмдардан, иш берүүчү мекеме-ишканалардан тиешелүү өкүлдөр, ОшМУнун тиешелүү структура бөлүмдөрүнүн жетекчилери, бүтүрүүчүлөр катышты.

Иш чараны Ош МУнун окуу иштери боюнча проректору Абазбек уулу Расул ачып, жыйындын актуалдуулугуна токтолду.

ОшМУнун Карьера борборунун жетекчиси Гулмира Жакыпова карьера борборунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле тегерек столдун алкагында коомчулукта жаштарыбыздын жумушка жайгашуусундагы негизги көйгөйлөрү, кыйынчылыктары жөнүндө кеңири талкууга орун берилип, бүтүрүүчүлөрдүн жумушка кантип жайгашып жатат, кесипти туура тандоодо кимдер жардам бере алат, карьерасын баштоодо эмнени эске алуу керек, коомчулукта жаштарыбыздын интелектуалдык денгээли кандай деген сыяктуу суроолорго жооптор алынды.

12631 13:56 18-02-2017

                 

Жанылыктар

|< >|