Жанылыктар

"Бизнес жана менеджмент" факультетинде Эл аралык интернет коопсуздук күнү

"Бизнес жана менеджмент" факультетинде 2017-жылдын 7-февралында Эл аралык интернет коопсуздук күнү белгиленип, студенттер үчүн атайын коноктук лекция уюштурулду. Аталган жыйынды алгач факультетибиздин деканы э.и.д. М.Б. Убайдуллаев ачып, андан кийин декандын тарбия иштери боюнча орун басары М.У. Турдуматов жыйындын конокторун: Психология кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент А.О. Жолдошева жетектеген адистерди, дин өкүлдөрүн тааныштырып, келген конокторго сөз берди. Өз учурунда А.О. Жолдошева студенттерге бүгүнүкү күндө мамлекетибизде, дегеле коомчулукта актуалдуу маселелердин бири катары социалдык тармактарда кеңири таралган он-лайн оюндар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, студенттерди күнүмдүк турмушта активдүү жашоо образын жүргүзүүгө, эгерде кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралган учурлар болсо Ош мамлекеттик университетинин атайын борборлору акысыз кеңеш берүүгө даяр экендигин ббилдирди. Студенттер ар түрдүү кызыккан суроолорун берип, жыйында кызуу талкуу жүрүп, тиешелүү жоопторду алышты.
3122 21:02 07-02-2017

                 

Жанылыктар

|< >|