18:03 22-02   3       16:44 22-02   ОшМУнун “Студенттик театры” жаны премьерасын тартуулады       14:39 22-02    ФЮК коомдук илимдер кафедрасы       14:30 22-02   “Илимге-кадам”       14:28 22-02   “Илимге-кадам”       11:09 22-02    ОшМУда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди        10:18 22-02   КММАда уюштурулган микробиология, вирусология жана иммунология предмети боюнча олимпиада медицина факультетинин “MicroMed” командасы III орунду ээледи.       10:06 22-02   the International Mother Language Day!       19:46 21-02   2       19:45 21-02    “Мамлекеттик тил – достуктун тиреги” аталышындагы тегерек стол болуп отту.     


Сиз бул жердесиз: Маалымат тактайчасы / Жанылыктар / ОшМУда турникеттер орнотулуп “Кампустук карта” долбоору ишке ашуу алдында турат
10:22 12-01-2017 | Пресс кызмат / Жанылыктар
ОшМУда турникеттер орнотулуп “Кампустук карта” долбоору ишке ашуу алдында турат
Ош мамлекеттик университетинде жакынкы күндөрдө “Кампустук карта” долбоору иштей баштайт. Учурда университеттин башкы имаратында, Ак-Буура кампусундагы Медицина факультетинде, Эл аралык медицина факультеттеринде, университеттин №1,2,3 жатаканаларында коопсуздук турникеттери орнотулуп, иштөөгө даяр турат.

Университеттеги коопсуздук чараларын күчөтүү, бекемдөө максатында дүйнөлүк университеттерде ишке ашып келген бул долбоорду колдоого алган ОшМУ “Демир Банктын” колдоосу менен университеттин бардык окуу корпустарына, жатаканаларына “Кампустук карта” долбоорун киргизип жатат. Учурда университетте иштеген окутуучуларга жана кызматкерлерге, билим алган студенттерге акысыз кампустук карталар таркатылып берилүүдө.

Бул долбоордун эң негизги максаты-университеттин аймагындагы коопсуздукту сактоого, окутуучулардын, кызматкерлердин жана студенттердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле ар бир окутуучунун, кызматкердин жана студенттин учурдагы натыйжалуу иштөөсүн көзөмөлдөөчү функцияга ээ. Финансылык которууларды иш жүзүнө ашыруучу, ар бир окутуучу, кызматкер жана студент жөнүндө жеке идентификациялык маалымат базасын түзүүгө шарт түзгөн, университеттин башкаруу жана аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткен долбоор болуп саналат.

Автор: Нуралиева Зинагул      Карагандар: 1241
               

Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com