Жанылыктар

Искусство факультетинде декандык бал болуп өттү

26-декабрь күнү Ош шаарындагы "Касиет" аттуу ресторанын Искусство факультетинин студенттерине Жаңы жылдык декандык бал уюштурулуп берилди. Декандык балга 200дөн ашуун студенттер катышып, бири - бирине каалоо-тилектерин айтышып, ырдап, бийлеп чыныгы жаштыктын деми менен эс алышты. Эң мыкты бийлеген, эң жакшы ырдаган, кийими менен өзгөчөлөнгөн студенттерге чакан белектер тапшырылды. Декандык балды факультеттин деканы философия илимдеринин кандидаты, доцент К.Курбанбаев ачып берди. Ушундай кечени мыкты уюштургандыгы үчүн факультеттин тарбия жана контракт боюнча декандын орун басары Д.Ыразаковго жана жаштар комитетине терең ыраазычылык билдрилди. Алдыда келе жаткан 2017-жыл ТООК жылы менен баарыңыздарды куттуктайбыз. Бул жыл тынчтыктын, ден-соолуктун жана мээримдүүлүктүн жылы болсун!
2857 09:46 27-12-2016

                 

Жанылыктар

|< >|