15:38 20-01   На базе МНОЦ «Университетская клиника» ОшГУ, прошли лекции ведущих ученых из Италии и Швейцарии - Марии Дель Гранде и Оливии Пагани.       14:43 20-01    Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ОшМУнун профессору Жолболду Алибаевге «Рыспай Абдыкадыров атындагы эл аралык сыйлык» ыйгарылды       14:40 20-01    Билим берүү инфраструктурасын өркүндөтүү багытында аткарылган иштер       14:25 20-01    Кафедранын жамааты ата-энелер менен жолугушту!       12:53 20-01   Методический семинар № 2        17:31 19-01   “Питание детей грудного и раннего детства”, Вопросы питания и анемии у девочек-подростков и женщин” деген аталышта семинар болуп өттү       17:29 19-01   “Оказание общинно-ориентированной помощи людям с психическими расстройствами” деген аталышта семинар болуп өттү       15:55 19-01    ОшМУда айлык акылар жогорулады       15:37 19-01   ОшМУнун ENACTUS командасы «Жылдын мыкты долбоору-2016» номинациясы менен сыйланды       11:33 19-01   ТТГФда "Эл аралык аккредитацияга даярдануу алкагында баалоо процедурасын методикасы”боюнча семинар болду.     


Сиз бул жердесиз: Маалымат тактайчасы / Жанылыктар / ОшМУда “Ректордук бал” кечеси өттү
15:06 26-12-2016 | Пресс кызмат / Жанылыктар
ОшМУда “Ректордук бал” кечеси өттү
Ош мамлекеттик университетинде билим алган окуунун алдыңкылары, коомдук-маданий иш чараларда активдүү катышкан мыкты студенттер үчүн Ош шаарындагы “Олигарх” ресторанында ОшМУнун ректорунун балы уюштурулду. Кызыктуу конкурстар, ыр-бий коштогон кечеге окуу жайдын ректору, профсоюз уюму, проректорлор, декандар катышышты.

Кеченин жүрүшүндө унивеситеттин ректору Каныбек Исаков куттуктоо сөзүн жолдоду, анда окуунун алдыңкыларын куттуктап, университеттин өтүп бараткан жыл ичиндеги ийгиликтерине токтолду жана алдыдагы максаттары тууралуу ой бөлүштү. Студенттерге ректорат жамаатынын атынан куттуктоо сөздөрү, жакшы тилектер айтылды.

Майрамдык кечени жомок каармандары шаңга бөлөп, ырчы-бийчилердин концерттик программасы коштоду. Жаңы жылдык кечеде лотерея ойнотулуп, ректордун белектери ыйгарылды.

Кеченин жүрүшүндө уюштуруучулар тарабынан “Мыкты карновалдык кийим", “Кеченин мыкты бийчиси”, “Кеченин ханышасы”, “Кеченин мырзасы”, “Кеченин саркеч айымы”, “Кеченин саркеч мырзасы” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, белектер тапшырылды.

Автор: Нуралиева Зинагул      Карагандар: 453
               

Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com