Жанылыктар

Кыргызстанга келген Афган делегациясы ОшМУда болушту

Афганистан Ислам Республикасынан келген делегация 23-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинде болушуп, университеттин музейи, «Зирек» башталгыч билим берүү мекемеси, «Ыйман» гимназиясы, «Билим» лицейлериндеги билим берүүгө түзүлгөн шарттары, жатаканалары, университеттин инфрастуктурасы менен жеринде таанышышты.

Афганистандын Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Бегзат Файсал, Вахан уездинин акими Найил Насратулла баштаган делегация Кыргызстанга Памирдеги этникалык кыргыздардын Кыргызстанда билим алуусуна шарт түзүү, көмөк көрсөтүү, эки тараптуу кызматташуу маселелери тууралуу Өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүү багытында келишкен. Ошко келген делегацияны КРдин Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев коштоп келди.

Иш сапардын алкагында делегация ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугуп, пикир алышты. Анда ОшМУ демилге көтөрүп Ооган кыргыздарынан каалоочу 5 өспүрүмдү алып келип, билим алуусуна баардык шарттарды түзүп берүү багытындагы маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Бегзат Файсал кыргыз тараптан этникалык кыргыздарды колдоо багытындагы иштерге, алардын катарында атайын гуманитардык жардам жөнөтүп, балдарды окутуп берүүгө демилгечи болуп жаткан ОшМУнун жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Эми эки өлкө ортосунда кызматташуу тууралуу атайын меморандумга кол коюлса, окууну каалаган жаштардын паспорт алуусуна, документ иштерине жардам беришерин айтты. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө келечекте ОшМУ менен Бадахшан университетинин ортосундагы байланыштарды жандантып, кызматташууга кызыктар экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, ОшМУ Ооган кыргыздары жөнүндө тарыхый, маданий жана демографиялык жалпы маалыматтарды топтоо, анализдөө, Ооган кыргыздарынан каалоочу 5 өспүрүм жаштарды Кыргызстанга алып келип орто, кесиптик же жогорку билим алуусуна баардык шарттарды түзүп берүү (жатакана, тамак-аш, окуу акысы ж.б. чыгымдарын окуу жай каржылап берет), окуу жайдын жамааты тарабынан гуманитардык жардамдарды (кийим-кече, күндөлүк колдонуучу буюмдар, окуу куралдары жана окуу каражаттары ж.б.) топтоо жана аны жеткирүү милдетин алдына койгон болсо, ушул жылдын 3-11-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулган Памир кыргыздарына жардам берүүгө арналган гуманитардык экспедиция учурунда экспедициянын курамында ОшМУнун “Чет өлкөлөрдөгү этникалык кыргыздарды изилдөө борборунун” атынан барган ОшМУнун доценти Абазбек уулу Расул ОшМУнун жамааты тарабынан топтолгон 500 000 сомдук гуманитардык жардамды жеткизип, изилдөө жүргүзүп, университеттин билим берүү жаатында жардам көрсөтүүнү максаттап жаткан пландарын билдирген. Анда кыргыз Өкмөтү Кыргызстанга 30 баланы алып келип окутууну пландаса, алардын бешөөсүн ОшМУ окутуп берүү демилгесин билдирген.

7244 11:33 24-12-2016

                 

Жанылыктар

|< >|