Жанылыктар

"Бизнес жана менеджмент" факультетинде тегерек стол

2016-жылдын 10-декабрында "Бизнес жана менеджмент" факультетинин "Финансы жана кредит" кафедрасынын башчысы э.и.к., профессор Кулуева Чинара Райыимкуловна кафедра окутуучулар жамаатынын демилгеси менен "Экономика багытындагы "Финансы жана кредит" профили боюнча окутуу программасынын сапаты жана бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары" деген темада тегерек стол уюштурулду. Анда тегерек столдун темасында айтылгандай эле кафедранын бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары,студенттерди окутуудагы окуу программасынын сапаты жана алардын келечектеги орду тууралуу жумуш берүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер арасында кызуу талкуу жүрдү. Тегерек столго факультетибиздин деканы э.и.к., доцент Убайдуллаев М.Б., Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Ош аймактык башкармалыгынын директору Сыдыков Ж.Т., Халык банк - Кыргызстан Оштогу филиалынын директору Шоноев М.К., ОАО РСК Банк Оштогу филиалынын директору Абдилазизов Р.М., МКК Элет Капитал Оштогу филиалынын башкаруучусу Молдалиев Б., Ош областынын ЕБРР улук аналитиги Абдыкадыров Н., ЗАО KICB Ош филиалынын башкаруучусу, Түштүк региону боюнча регионалдык директору Шакиров Т.З., Ош шаарындагы Оптима Банк директору Пахиров Т.Н. катышышты
5025 11:35 12-12-2016

                 

Жанылыктар

|< >|