Акциядан түшкөн каражатка белектерди алган факультеттин студенттери "Ош шаардык мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө" жана "Ош шаардык көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын адистештирилген мектеп интернатына" барып, балдардан кабар алып, белектерин берип, концерттик программа тартуулап көңүлдөрүн көтөрүп кайтышты.
«Ден-соолугубуз чын, он эки мүчөбүз соо экенине жаратканга шүгүр кылып, сооп иштерди жасоодон эч убакта качпайлы”, -дейт аталган факультеттин жаштар комитетинин төрайымы Насыйкат Султаналиева.