Жанылыктар

Медицина факультети эскерүү кече болуп өттү

2016-жылдын 31-октябрь күнү Э аралык Медицина факультетинин жыйындар залында Табийгый илимдер дисциплиналар кафедрасы тарабынан талыкбай болочоктогу ак халатчандарга билимин, жаштыгын, өмүрүн арнаган маркумдар И.К.Каримова жана Т.С.Баатыров жаркын элесине арналган студенттик конференция жана эскерүү кече болуп өттү.

Алгач факультеттин деканы, профессор М.А. Арстанбеков, профессор Ж.К. Камалов сөз сүйлөп, Каробка Р.П., Сагынбаев К.А. тарабынан И.К. Кримова жана Т.С.Баатыровдун өмүр таржымалынан баяндама жасалды.

Студенттер тарабынан даярдалган илимий баяндамалар окулуп, комиссиянын чечими менен илимий баяндамалар үчүн I, II, III даражадагы дипломдор ар бир катышуучуга сертификаттар жана конференциянын активдүү катышкандарга “Ардак Громаталар” тапшырылып, маркумдарга куран окулду.

И.К.Каримова жана Т.С.Баатыров медицина факультетинин Табийгый илимдер дисциплиналар кафедрасында өмүрүнүн акырына чейин эмгектенишкен. 2016-жылдын кыш айларында оорудан улам көз жумушкан.

3923 11:35 01-11-2016

                 

Жанылыктар

|< >|