Жанылыктар

Өзбекстан Республикасынан келген делегация медицина факультети менен таанышып чыкты.

Өзбекстан Республикасынын өкмөт башчысынын орун басары Атхам Икрам баштаган Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Андижан, Наманган жана Фергана облустарынынын губернаторлору, аймактык органдарынын жетекчилери, мамлекеттик жана коомдук структуралардын жетекчилери, искусство ишмерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес лидерлери, дыйкандар, илим жана билим берүү кызматкерлери жалпысынан 140 делегация эки элдин достугун чыңдоо, эки тараптуу кызматташтыктарды улантуу максатында ОшМУнун медицина факультетинде болуп кайтты конокторду ОшМУнун ректору, профессор К.А. Исаков ,баштаган ОшМУнун чыгармачыл жамааты кыргыздын салты болгон нан ооз тийгизип, андан ары эки элдин жандуу музыкаларынын коштосунда тосуп алышты, келген коноктор Медицина, Эл аралык медицина, жана Медициналык клиника менен жакындан таанышып чыгышты. Келген конокторго сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, университетте ошондой эле эл аралык медицина факультетинде билим алып жаткан талантуу студенттердин концерттик программасына күбө болуп кайтышты.

3280 13:11 27-10-2016

                 

Жанылыктар

|< >|