Жанылыктар

Жаңылануу

Юридика факультети 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк Эне тили күнүнө арналып өткөрүлгөн иш чарада активдүү катышкандыгы үчүн университеттин жетекчилиги тарабынан бааланып, ДИПЛОМ менен сыйланды. Ошондой эле 23-февраль- Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата университеттин Тарбия департаменти жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулган "ОшМУ мырзасы-2016" аттуу студент мырзалар арасында өткөрүлгөн кароо сынакта факультеттин активдүү студенти Калбек уулу Бекзат 2-орунду ээлеп, "ОшМУ нун таланттуу мырзасы-2016" номинациясына татыды. Бул ийгиликтердин жаралуусуна түздөн-түз көмөк көрсөткөн факультеттин жетекчиси проф. Г.К Кулдышева катышуучуларды өзү кабыл алып, куттуктоо сөзүн айтып, мындан ары да мындай иш чараларды үзгүлтүксүз колдоого алаарын билдирди.
4226 11:54 24-02-2016

                 

Жанылыктар

|< >|