21:46 08-12   Методический семинар на факультете "Бизнес и менеджмент"        21:12 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин окутуучулары Биф-2016да       20:48 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы студенттер менен жолугушууда       20:37 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультетинин кунумдук турмушу       15:53 08-12   №1"Туран" аймактык кенеши       15:46 08-12   КР дагы 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум-конституциялык реформанын негиздери       14:49 08-12   "Үмүт" телестудиясы. Жума ичиндеги жаңылыктар. 60-эфир       11:56 08-12   Түркия мамлекетиндеги Ахмет Яссави университетинин өкүлдөрү теология факультетинде       11:03 08-12   "Бизнес жана менеджмент" факультети СПИДге каршы волейбол боюнча турнир өткөрдү       10:14 08-12    Студенттер аймак таануу, кесипке багыт берүү иш чараларынын алкагында Н.Исанов айыл өкмөтүндө болуп кайтышты     


Сиз бул жердесиз: Маалымат тактайчасы / Жанылыктар / 11-февраль кайрымдуулук күнү - “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!”
10:03 09-02-2016 | Пресс кызмат / Жанылыктар
11-февраль кайрымдуулук күнү - “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!”
Тарых жана маданият жылына карата студенттерге Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалымат берүү, студенттерди мекенчилдикке, гуманизмге тарбиялоо жана Ооган кыргыздарына болгон бир туугандык, боорукердик сезимдерин ойготуу, ОшМУнун жамаатын Ооган кыргыздарына кайдыгер карабоого, аларга достук колун сунуп, колдон келген көмөгүн берүүгө, кайрымдуу болууга үндөө жана Ооган кыргыздарына ОшМУдан гуманитардык экспедиция жөнөтүү максатында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук күнүн уюштуруу белгиленди.

Иш-чараны уюштуруунун 1-күнү 10-февралда уюштурулуп, анда ОшМУнун факультет, институт, коллеж, лицейлеринде ар бир студенттик тайпада кураторлор тарабынан Ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалыматтар берилет. Иш-чараны уюштуруунун 2-күнү 11-февраль күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин ОшМУнун башкы имаратынын алдында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага университетибиздин бардык структуралары, ректорат, деканат, директорат, кафедралар, студенттик тайпалары өз салымдарын эл алдында урналарга салышат. Кайрымдуулук иш-чарасында түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Акция учурунда ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары тартууланып, ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунун» Ооган кыргыздары жөнүндөгү көргөзмөсү уюштурулат.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларына пландаштырылган Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик экспедиция уюштурулган, экспедициянын курамына ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунан» эки окутуучу Сабыр Арстанов, Расул Авазбековдор да кошулган.

Автор: Нуралиева Зинагул      Карагандар: 1404
               

Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com