Жанылыктар

Акын менен поэзия кечеси

Тарых жана маданият жылына карата студенттердин поэзияга болгон табитин арттыруу, кызыкчылыгын ойготуу, студенттерди гуманизмге, эстетикага тарбиялоо, университетте поэзиялык клубдарды жаңы таланттар менен катарын толуктоо, окуу жайыбызда ыр жазган студенттердин талантына шык берген шарт жаратуу максатында “Акын менен поэзия кечеси” аттуу поэзиялык кечелерди факультеттерде уюштуруунун иш план кабыл алынды.

Иш планга ылайык ОшМУнун ар бир факультет, институт, коллеждеринде айына бир жолу “Акын менен поэзия кечеси” аттуу поэзиялык кечелери өткөрүлөт. Анда чыгармалары окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан Зинакан Пасаңова, Маматибраим Жаныбеков, Куштарбек Кимсанов, Улукбек Омокеев, Назгүл Каныбекова жана башка бир топ акындар менен жолугушуу кечелери да пландаштырылган.

7194 16:01 03-02-2016

                 

Жанылыктар

|< >|