19:46 21-02   2       19:45 21-02   1       16:25 21-02   Социалдык клиниканын миссиясы жана баалуулуктары       14:54 21-02   ТТГФнин кезектеги Окумуштуулар кенешмеси       10:04 21-02   Профессордук-окутуучулук жамаат үчүн жигердүү иштешине стимул болот.       09:57 21-02   ФЮКда кесипке багыт беруу ишине үгүт иштерин жүргүзүү       09:38 21-02   Communicative English teaching” аттуу семинар болуп өттү.       09:31 21-02   Кайдыгер карабаган инсан       09:24 21-02   Жабыр тарткандарга кайдыгер карабаган инсан       09:15 21-02   Ачык сабак     


Сиз бул жердесиз: Маалымат тактайчасы / Жанылыктар / “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт”
15:44 03-02-2016 | Пресс кызмат / Жанылыктар
“ОшМУнун ар бир группасы бийлейт”
Тарых жана маданият жылына карата студенттерди бий маданиятына тарбиялоо максатында “ОшМУнун ар бир группасы бийлейт” аттуу иш-чаранын планы кабыл алынды. Ага ылайык, окуу жайдын ар бир факультет, институт, коллежи өз алдынча жыл этегине чейин кезек менен бийлердин фестиваль-кечелерин өткөзөт. Алгач ар бир тайпага декандын орун басарлары тарабынан бирден бийдин түрү: кыргыз бийлеринен баштап, твикс, брейк-данс, танго, испан, араб, лезгинка, хип-хоп, латиноамерикалык, ламбада, заманбап, көчө, классикалык бал бийи сыяктуу 20дан ашуун бөлүнүп берилет жана студенттик тайпалар бөлүнгөн күндөн баштап өздөрү хореограф жалдап же өз алдынча изденишип (интернет ж.б.) үйрөнүшөт. Тайпаларга бийлерди үйрөтүү жоопкерчилиги ар бир тайпанын кураторуна жүктөлөт. Тайпалар өздөрүнө бөлүнгөн бир бийди үйрөнүү менен катар башка бийлерди да көрсөтүүсүнө уруксат берилет.

Иш-чарага факультеттин бардык студенттери чакырылып, ал күнү студенттер жооптуу иш-чарага гана эмес, бий майрамына келгендей маанай түзүлмөкчү. Студенттик тайпанын өкүлдөрү ар бир бийдин талабына ылайык жарашыктуу кийимдерди кийинишип, кезеги менен ортого чыгып түрдүү бийлерди бийлешет, ал эми күйөрмандар бий аянтчасын тегеректешип, кол чаап сүрөп турушат. Жыйынтыгында тайпалардын бийлеринен соң жалпы бий (дискотека) уюштурулуп турмакчы.

Азыр тойлорго барсаң жаштардын 2-3 гана бийде бийлеп жатышкандыгын көрүүгө болот. Эгер бул иш план факультеттерде ийгиликтүү ишке ашса, алты айдан кийин ОшМУнун студенттери жогорку окуу жайда тарбияланып жаткан адамга коюлуучу талапка ылайык өздөрүнүн маданий деңгээлин ар кандай кече-тойлордо түрдүү бийлери менен көрсөтө баштайт деген ойдобуз.

Автор: Нуралиева Зинагул      Карагандар: 804
               

Факультеттер



© 2014 ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ © Программалык жабдуу ОшМУ "Медиа БОРБОР"
Кыргызстан, 723500, г. Ош, ул. Ленина, 331, ОшГУ Главный корпус
Общий отдел: +996 3222 2-22-73, факс +996 3222 2-40-66, oshsu.oms@gmail.com
Приемная комиссия: +996 3222 2-45-25, oshsu.oms@gmail.com