Новости

ОшМУда “Ош МУнун эң мыкты 75 бүтүрүүчүсү” конкурсу жүрүп жатат

Ош мамлекеттик университетинин 75 жылдыгына карата пландаштырылган мааракелик иш чаралардын алкагында ОшМУда “Ош МУнун эң мыкты 75 бүтүрүүчүсү” конкурсу жүрүп жатат.

“Конкурсту уюштуруунун негизги максаты кесиптик, илимий изилдөө жана коомдук ишмердикте өздөрүн көрсөтө алган ОшМУнун (мурдагы ОшПИнин) активдүү бүтүрүүчүлөрүн табуу, алардын ишмердигин даңазалоо аркылуу студенттерди эмгекти сүйүүгө, профессионализмге, мекенчилдикке тарбиялоо, университеттин структуралык бөлүмдөрүнүн бүтүрүүчүлөрдү жумушка жайгаштыруу боюнча иштерин активдештирүү, өз кесибинин мыктыларын даңазалоо болуп саналат”, -дейт ОшМУнун Билим берүүнүн сапаты департаментинин директору Мейликан Алтыбаева.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер ОшМУнун 2011- жылга чейинки бүтүрүүчүсү болуусу, 2-3 жылдан кем эмес адистиги боюнча эмгек стажына ээ болгон, коомдук иштерде активдүү, личносттук сапаттары (активдүү турмуштук позиция, кеңири кругозор, лидерлик сапаттар, социалдык активдүүлүк) көрсөтүлгөн 2-3 рекомендациясы жана иштеген мекемеден өндүрүштүк мүнөздөмө (адистик компетенцияларынын деңгээли, карьералык өсүүсү, ачылыштары, патенттери, публикациялары ж.б. камтыган) болуусу керек.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарынан конкурстун талапкерлеринен документтер түшүп, комиссия тарабынан текшерилүүдө. Конкурска катышууну каалаган ОшМУнун бүтүрүүчүлөрү ушул жылдын 1-июлуна чейин документтерин тапшырууга болот.

Эске сала кетсек, ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган чоң салтанаттык кечелер ушул жылдын 17-18-октябрь күндөрүнө пландаштырылган.

9003 10:05 23-06-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|