Новости

ОшМУда окумуштуу Бурул Каримованын 75 жылдык мааракесине карата иш-чара уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинде 3-июнь күнү биология илимдеринин доктору, КРнын билим берүүсүнүн отличниги, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, “Данк” медалынын, “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси Бурул Каримованын 75 жылдык мааракесине карата “Даткалар жашаган табият..”, “Өмүр жолундагы издер” аталышындагы автобиографиялык жана публицистикалык китептеринин бет ачар аземи уюштурулду.

Салтанатка Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, окумуштуулар, кесиптештери, студенттери катышышты.

ОшМУ женен жашташ тагдырлаш болуп 75 жылдык мааракесин белгилеп жаткан илимпоз Бурул Каримова ОшМУда билим алып, ушул жерде эмгектенген. Окумуштуунун өмүр жолу, тажрыйбасы, коомдук жетекчилик ишмердүүлүктөрү улуулар үчүн да, кичүүлөр үчүн да үлгү экендигин айткан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Бурул Каримовага ОшМУнун эң жогорку сыйлыгы болгон “ОшМУга эмгек сиңирген ишмер” наамын тапшырды.

Сөзгө чыккан Бурул Каримова “ Бүгүн толуп, ташып турам. ОшМУнун 75 жылдык тарыхы болсо, ошонун 50 жылдан ашуунуна мен тагдырлашмын. Менин ушундай деңгээлге жетип, калыптанышыма ОшМУнун салымы чоң десем жаңылышпайм. Мен ОшМУда калыптандым, ОшМУ менен ар дайым сыймыктанам”, -деп келген конокторго ыраазычылык сөзүн жолдоду.

Мааракенин жүрүшүндө илимпоздор, кесиптештери, студенттери Бурул Каримованын баалуу илимий изилдөөлөрү, адамдык сапаттары, улуттук баалуулуктарды барктоо, сактоого кошкон салымдары тууралуу сөз кылышты. Ошондой эле концерттик программа коштоду.

Белгилей кетсек, Бурул Каримова Кыргыз Республикасында биология багытында аялдардан 1-болуп докторлук даражага ээ болгон, бүгүнкү күндө 170тен ашуун макалалары,7 монографиясы, 5 окуу –методикалык китептери жарыяланып, билим берүү тармагында кеңири пайдаланылып келет. Анын 75 жылдык мааракесине арналган эл аралык конференция күз айларына пландаштырылган.

9389 11:11 04-06-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|