Новости

ОшМУда стол тенниси боюнча эл аралык турнир өттү

Ош мамлекеттик университетинде университеттин 75 жыдыгына жана ОшМУнун профессору, техника илимдеринин доктору Идирис Кенжаевдин 60 жылдык юбилейине карата спорттун стол тенниси боюнча уюштурулган эл аралык турнир болуп, ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Турнирге Түштүк Корея, Россия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринен өкүлдөр, спортчулар келип катышты. Жыйынтыгында I орунду Кыргыз Республикасынын чемпиону Руслан Култаев (КР), II орунду Алишер Якуббаев (КР), III орунду Кудрат Абдирахимов (Өзбекстан), IV орунду Рашид Ахмедовдор алышып, ОшМУнун атынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар, ошондой эле кубок менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган турнирдик оюндар ОшМУнун табият таануу жана география факультетининдеги спорттук залдында өттү.

9688 16:16 02-06-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|