Новости

Волейбол чемпионатынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде май айында өткөрүлгөн спорттун валейбол түрү боюнча окутуучу, кызматкерлер жана студенттер ортосундагы чемпионат жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Административдик кеңешмеде чемпионатта байгелүү орундарды камсыз кылган командаларга дипломдор, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Оюндун жыйынтыгына ылайык окутуучу аялдар арасындагы валейбол оюнунда 1-орунду алган педагогика жана дене тарбия факультетинин командасына диплом жана 5 миң сом, 2-орунду алган медицина факультетинин командасына диплом жана 3000 миң сом, 3-орунду алган бизнес жана менеджмент факультетинин командасы диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Агайлар ортосундагы мелдеште 1-орунду медициналык колледждин командасы, 2-орунду педагогика жана дене тарбия факультетинин командалары, 3-орунду администрация командасы камсыз кылышып, жогорудагыдай өлчөмдөгү акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми студент кыздар ортосунда 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду медициналык колледж, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары, студент балдардын ортосунда 1-орунду педагогика жана дене тарбия факультети, 2-орунду тарых-юридика факультети, 3-орунду бизнес жана менеджмент факультетинин командалары ээлешип акчалай сыйлыктар, дипломдор менен сыйланышты.

9455 11:33 30-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|