Новости

Китепкана – мисир тутар ыйык жай

Ош мамлекеттик университетинде «27-май – китепканалар күнүнө” карата “Китепкана – мисир тутар ыйык жай, Кирүү керек аруу, таза дил менен” деген аталыштагы майрамдык кечеси уюштурулду.

Майрамдык салтанат ОшМУнун илимий китепканасы тарабынан уюштурулуп, ага университеттин ректору Каныбек Исаков, илимий иштер боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, факультеттин декандары, ардагер китепканачылар, Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, окурман окутуучу агай-эжекелер, студенттер катышышты.

Салтанатта китепканада көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан насаатчы китепканачы Токтобү Касымалиева “ОшМУнун китепканасына 75 жыл”, Гүлжамал Исакова “Китепканачы-ардактуу кесип”, илимий китепкананын директору Синьцзян университетине болгон тажрыйба алмашуу сапары боюнча “Үрүмчүгө сапар” аттуу баяндамалар жасалып, видео-ролик , слайд-шоулор коштолду.

Китепканачылардын ишин жандандыруу, жаңы нукка буруу, тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында жыл сайын уюштурулган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, анда ”Мыкты китепкана” наамы теология факультетинин китепканасына, улук китепканачы Гүлжан Саиповага диплом, 3 миң сом акчалай сыйлык, “Мыкты бөлүм” наамы №1 китепканага, анын башкы китепканачысы Мисират Эргешовага диплом, 3 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык, “Мыкты окуу залы” наамы маалымат-библиографиялык бөлүмүнө, бөлүм башчысы Жамийла Абдурахмановага диплом, 3 миң сом акчайлай сыйлык, “Мыкты китепканачы” наамын менен I даражадагы диплом Венара Мирзаевага тапшырылып, диплом, 2500 сом акчалай сыйлык, II даражадагы диплом Айнура Тойчибековага тапшырылып, диплом, 2000 миң сом акчалай сыйлык, III даражадагы диплом Бүсайра Абдыкаровага тапшырылып, диплом, 1500 сом акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Ал эми 5 китепканачыга 1000 сомдон кызыктыруучу акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлыктарды тапшырып жатып ОшМУнун ректору Каныбек Исаков 27-май китепканалар күнү менен кутуктап китепкана ар кандай университеттин күзгүсү. Сиздер университеттин бир бүтүнү катары адамзаттын мурасын муундан-муунга жеткирип келе жатасыздар, андыктан сиздердин эмгегиңиздер теңдешсиз деди. Ошондой эле быйылкы окуу жылынан тартып китепканачылардын эмгек өргүүсүнз 7 күн кошулуп берилгендигин, жакынкы аралыкта ОшМУда 3 кабаттуу китепкана курлушун баштоо иштери жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

Майрамдык салтанатта окурмандар тарабынан бир топ куттуктоо сөздөрү жаңырып, концерттик программа тартууланып, кеченин катышуучуларына “Бактылуу көз ирмем” аттуу акысыз лотерея ойнотулуп, уюштуруучулар тарабынан белектер ыйгарылды.

Өзгөчө окурмандардын ичинен педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу, мыкты окурман Мисирали Колдошов куттуктоо менен биргеликте китепкана жамаатына билим булагы болгон китептин формасы түшүрүлгөн торт белек кылды.

10177 09:52 29-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|