Новости

Физика-техника багытында илим жумалыгы жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик университетинин физика-техника факультети тарабынан “Илим жумалыгы” күндөрү өткөрүлүп, бүгүн 23-май күнү жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө» жылына катара студенттик илимий-практикалык конференция, дубал газеталардын көргөзмөсү, “Брейн ринг” жана “Акыл Ордо” интелектуалдык оюндары, концерттик программалар, кроссворддордун конкурстары болду.

Жыйынтыктоочу аземде сөз сүйлөгөн физика-техника факультетинин деканы Марал Өскөнбаев илимий жумалыктын алкагында уюштурулган конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктап, студенттерди мындан ары да татыктуу билим алып, ар дайым эмгекчил болууга чакырды. Ошондой эле илим жумалыгына активдүү катышкан окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, III регионалдык студенттердин олимпиадасында байгелүү орундарды камсыз кылган алдыңкы студенттерди, мыкты макет жасаган, дубал гезит даярдаган студенттерди, тайпаларды ийгиликтери менен куттуктап ардак громата, баалуу белектер менен сыйлады.

“Быйылкы жылы илим жумалыгында биз студенттердин илимге болгон кызыгууларын жогорулатуу, алардын билим деңгээлин, чыгармачылык дараметтерин ачып берүүнү максат кылган конкурстарды уюштурдук”, -деди декандын илимий иштер боюнча орун басары Зымырат Оморалиева.

Белгилей кетсек, университетте аталган факультеттин студенттери ойлоп табуучулук жактан ийгиликтерди жаратып келишет.

10722 17:12 23-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|