Новости

Ак жол бүтүрүүчү!

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинде быйылкы жылы окууну аяктап жаткан студенттердин бүтүрүү кечеси болуп өттү.

Кечеге факультеттин деканы Таалайбек Асылбеков баш болгон окутуучулар жамааты, студенттер, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышышты. Алгач бүтүрүүчүлөр салтанаттуу тосуп алынган соң факультеттин деканы сөз сүйлөп, куттуктоосун жолдоду, ошондой эле мыкты билим алып, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан бүтүрүүчүлөргө ардак грамоталарды тапшырды.

Кечеде жагымдуу концерттик программа тартууланып, куттуктоо сөздөрү жаңырды. Ошондой эле билим уясынан учуп жаткан бүтүрүүчүлөрдү, университетке жаңыдан кадам таштап жаткан 1-курстун студенттери да куттукташып, өздөрүнүн белектерин, шириндиктерин тапшырышты.

Эң негизгиси турмуш сапарына аттанып турган студенттерге ак жол каалашып, өздөрүнүн кесиби боюнча мыкты адистерди тарбиялоого салым кошо берүүсү айтылды. Кошумчалай кетсек, быйылкы окуу жылында МИТ факультетинде 10 тайпада билим алышкан 200 студент окууну аяктап жатышат.

10512 13:12 23-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|