Новости

ОшМУ "Nо name" командасын жеңиши менен куттуктады

ОшМУ "Тамашоу" лигасынын 6-сезонунун финалында чемпион аталган "Nо name" командасын жеңиши менен куттуктап, салтанаттуу сый кечесин уюштурду.

Салтанатта сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков “Биз дайыма колдоп, жеңишине кубанып, күйөрмандары тамашаларын тамшанып көрүп келген "Nо name" командасына эки жыл аралыгынан бери демөөрчүлүк көрсөтүп келебиз. Анткени бул командада ОшМУнун студенттери да катышып жүрүшөт. Негизинен талантуу жаштарды колдоо, аларга стимул жаратуу биздин негизги милдетибиз деп билемин. "Nо nameдин" өзүнүн күйөрмандары бар, мыкты тамашаларды жараткан команда катары Тамашоунун көрармандары жакшы билишет. Биз бул команданы колдойбуз, жакшы көрөбүз жана окутуучуларыбыз, студенттерибиз да колдойт деп ишенем”, -деп мындан ары да талантты таптап, эмгектенип, жеңиштин үстүндө жүрө берүүсүн каалады.

Ошондой эле намысты бек тутуп, Тамашоунун чемпиону болгон "Nо name” командасын ОшМУнун эмгек жамааты 20 миң сом акчалай сыйлык менен сыйлады.

“Жеңилүүнүн даамын татпаган, жеңиштин кадырына жетпейт дегендей Тамашоудо ойноп келе жаткан 6 жыл аралыгында талыкпай эмгектенүүнүн артынан быйыл минтип чемпион аталып отурабыз. Дайыма бизди моралдык-материалдык жактан колдоп келе жаткан ОшМУнун эмгек жамаатына, биздин оюндарга күйөрман болуп колдоп, оюндарыбызга катышып жүргөн ректорго терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин ийгилигибиз-жалпы ОшМУнун ийгилиги”, –деген команданын капитаны Мурат Жалиев мындан ары биздин жолубузду шакирттерибиз улайт, таланттуу балдарды тандап алып, капитандыкты өткөрүп бердим деп кошумчалады.

Салтанаттын жүрүшүндө "Nо name” командасынын жигиттери кызыктуу тамашаларын тартуулашып, күйөрмандарды кызыктырган суроолорго жооп берди. Белгилей кетсек, команданын курамын кечээ ОшМУнун тарбия департаменти жана жаштар комитети студенттер менен биргеликте Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышкан болчу.

9914 14:29 20-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|