Новости

Чон-Алай районунун мектеп мугалимдерине семинар уюштурулду

2018-жылдын 3-6-январь күндөрү ОшМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институту тарабынан Чон-Алай районунун Көк-Суу орто мектебинин мугалимдерине "Жаны стандарттын талаптарына ылайык окутуу процессин уюштуруу, сабакка компетенттүүлүк мамиле" деген аталыштагы көчмө курс Чон-Алай районунун Чак айылында өткөрүлдү. Курстун катышуучулары аталган тема боюнча теориялык жана методикалык жардамдарды семинардын жүрүшүндө уюшулган интерактивдүү окуу чөйрөсү аркылуу алышты. Семинардын соңунда мугалимдерге тиешелүү тапшырмалар берилди. Курстун кайтарым байланышы эми апрель айынын башында уюштурулат. Тренерлер мектепте уюштурулган ачык сабактарга катышышып, жаралган көйгөйлөрдү мектеп мугалимдери менен биргеликте талкуулап, чечүү жолдоруна кеңештерди берип келишет.

Мындай көчмө курстарды байма-бай өткөрүү мезгилдин талабы экендигин, алыскы аймактагы мектептердин мугалимдерине өтө зарыл экендигин жана бул саамалыкты башка мектептерде да уюштурууну андан ары уланта тургандыгын Чон-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев өз сөзүндө белгилеп өттү. “Билим берүүдөгү жаңылыктар жөнүндө мектептин бүтүн жамааты окуп, жамаат толугу менен бирдей аракет жасаганда гана мектепте билим берүүнүн сапаты көтөрүлөт. Канчалык жаңы мектеп курбайлы, ремонт жасап, окуу шаймандарын сатып бербейли, заман талабына ылайык мугалимдин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу иштерин жүргүзбөсөк, окуучулардын билим сапаты өспөйт” – деди өз сөзүндө ОшМУнун мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Жылдыз Артыкова.

Эскерте кетсек, аталган институтта Чон-Алай районунун дээрлик бардык мектептеринин математика жана кыргыз тили мугалимдери 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында "Окуучуларды ЖРТга даярдоо маселелери" деп аталган курстан өз чеберчиликтерин жогорулатып окуп кетишкен.

4484 09:26 11-01-2018

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|