Устаттарым жөнүндө эскермелер

Алтыбаева Дильбар Тойчуевна- көрүнүктүү окумуштуу, үлгүлүү устат, мыкты педагог

Алтыбаева Дильбар Тойчуевна- көрүнүктүү окумуштуу, үлгүлүү устат, мыкты педагог Биз бүгүн “Ардагерлерибиз-университетибиздин куту”, “Орто муун- университетибиздин жүзү”, “Жаштар-университетибиздин келечеги” деген асыл ураандын алдында муундар ортосундагы байланышты бекемдеп, ынтымак, биримдигибизди арттырып, жамаатта ар бир адамга көңүл бөлүп, жакшы жагын чыгарып, даңктап, сыймыгыбызга айландырып келе жатабыз. Ар бир адамдын эмгегине жараша урмат-сый көрсөтсөк деп аракеттенип келебиз.

Университетибиздин сыймыгына айланып, ОшМУнун ооматтын арттырып турган көрүнүктүү окумуштууларыбыздын бири, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, химия илимдеринин доктору, профессор Алтыбаева Дильбар Тойчуевна болуп саналат.

70 жылдык маарекесин белгилеп жаткан Алтыбаева Дильбар Тойчуевнанын басып өткөн өмүр жолу, илимий-педагогикалык, коомдук ишмердүүлүгү жөнүндө азын-оолак баяндап кетейин.

Дильбар Тойчуевна кыргыздын мыкты мамлекеттик жана коомдук ишмердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, жаштайынан ата-энесинен жакшы таалим-тарбия алган. Ата-энеси экөөсү тең интеллигенттер болушкандыктан, кызын да үй-бүлөдө өздөрүндөй мугалим болууга үндөшүп, ага ориентир-багыт беришип, анын ардактуу кесиптин ээси болуусуна ынандырышкан.

1965-жылы Ош шаарындагы “ВЛКСМ” орто мектебин аяктап, ошол мезгилдеги Түштүк Кыргызстандагы жападан-жалгыз жогорку окуу жайы болгон - Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биология факультетине окууга тапшырып өтөт.

Студенттик алтын доорунда да Дильбар Тойчуевна эң мыкты педагогдордун колунан билим алуу бактысына ээ болот. Ошол устаттары анын терең билим алуусуна, жакшы инсан, илимпоз болуусуна жол көрсөтүп, жагымдуу таасирлерин тийгизишкен.

Дильбар Тойчуевна өзгөчө өсүмдүктөрдүн систематикасынан сабак берген ОМПИнин ошол кездеги ректору Ботбаева Мира Махмудовнанын педагогдук чеберчилигин, берген сабактарынын илимийлүүлүгүн, студенттерди суктандырган сулуулугун дайыма эргүү менен эскерет. Ошондой эле Коңурбаев Эрик Өмүрзакович, Алышбаев Бозум Алышбаевич, Штраухман Эльвира Александровна, Каримова Бурул Каримовна, Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович, Жумабаев Черик Жанетович, Кашкараева Клара Исаковна, Ярощенко Николай Николаевич-сыяктуу устаттарынын сабактарына таасирленет.

Студенттик мезгилинде үлгүлүү окуп, Лениндик стипендияга татыктуу болот.

Аны курчап турган устаттарынын илимий чөйрөсү, өз убагында Лениндик стипендияга ээ болуусу Дильбар Тойчуевнанын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн башталышына өтө чоң түрткү, дем-күч берген.

ОМПИни 1970-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун Окумуштуулар Кеңешинин жолдомосу менен Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химиялык институтуна конкурстук негизде аспирант болуп кабыл алынат.

Аспирантурада Дильбар Тойчуевнанын илим жолуна жарыгын чачкан илимпоз, химия илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги Иманакунов Бейшен Иманакунович болот.

Аспирант кезинде Россиялык, Казакстандык окумуштуулардын лекцияларын уккан. Ошондой эле Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиктери Ү.А. Асанов, К.С. Сулайманкулов, И.Г. Дружинин, Я.Д. Фридман, К. Шатемиров сыяктуу академиктердин тарбиясын алып, илим изилдөөлөрүн жүргүзгөн.

1974-жылы КРУИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда 02.00.01-органикалык эмес химия адистиги боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.

Андан кийин легендарлуу ишмер Ибраимов Султан Ибраимовичтин сунушу менен Кыргызстан Компартиясынын Ош областындагы партиялык комитетте уюштуруу бөлүмүндө инструктор болуп 4 жыл иштейт.

1977-жылы ОМПИде ага окутуучу, кийинчерээк доцент кызматтарында иштеп, кайрадан илимий – педагогикалык ишмердүүлүгүн улантты.

1993-жылдан 1998-жылдар аралыгында табият таануу жана география факультетинин деканы кызматында иштеди.

1998-жылдан бери физколлоиддик аналитикалык, органикалык химия, жана химиялык технологиялар кафедрасынын башчысы болуп иштеп келүүдө.

2003-жылы химия илими боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Химия илиминин актуалдуу маселелери боюнча 100дөн ашуун илимий эмгектерди, 2 илимий монографияны, 4 усулдук колдонмолордун автору. 6 автордук күбөлүктөрдүн ээси.

Өзгөчө университеттин өнүгүшү үчүн химия-экология криминалистикалык экспертиза, фармацевтикалык химия, зоотехния, агрономия , ветеринария, экология сыяктуу адистиктердин ачылышына салымын кошкон.

Ош областтында “жеке чарбалардын өнүгүүсү” долбоорун түзүүгө активдүү катышкан.

Ош областынын райондорунда, шаарларында фермерлер үчүн өткөрүлгөн тренингтерде экологиялык билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, минералдык жер семирткичтерди пайдалануу боюнча илимий баяндамаларды жасаган.

1996-1997-жылдары Дильбар Тойчуевнанын демилгеси менен АКШнын Джортаун университетинин профессору Джон Кларк “экологиялык география” предмети боюнча ОшМУнун студенттерине лекция окуган.

Дилбар Тойчуевнанын колунан билим алып чыккан бүтүрүүчүлөрдүн арасында мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер ондоп саналат. Эженин илимий эмгектери бааланып, илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болду.

Бүгүнкү күндө профессор Дильбар Тойчуевна 2 аспирантка, 4 магистрантка илимий жетекчи болуп, шакирттери менен илимий маселелерди чечип жатат.

Алтыбаева Дильбар Тойчуевна бүгүнкү күндө көрүнүктүү окумуштуу, үлгүлүү устат, мыкты педагог катары изденип, илимий табылгалары менен бөлүшүп, илимий жыйынтыктарын эл чарбасынын өнүгүшүнө жумшап келет.

Үй-бүлөдө уул кыздарынын мээримдүү энеси, неберелеринин сүйүктүү, берекелүү чоң эне, таянеси.

Мен эженин басып өткөн жолун карап олтуруп, Дильбар Тойчуевнаны өмүр бою дайыма жакшы адамдар, жакшы жагымдуу, позитивдүү чөйрө коштоп келгенин, дайыма бактылуулук жандап жүргөнүн байкадым.

Анткени атасы Тойчу Алтыбаев да түрдүү мамлекеттик кызматтарда иштеген, мыкты интеллигент, согуштун жана эмгектин ардагери болуп, балдарынын билим алуусуна камкордук кылган инсан болуптур.

Элге сиңирген эмгеги үчүн атасы Тойчу Алтыбаевдин аты азыр Кара-Суудагы мектептердин бирине, кесиптик лицейге берилген.

Дильбар Тойчуевнанын уул-кызы да жакшы тарбия алып, эл кызматында жүрүшөт.

Урматтуу Дильбар Тойчуевна! Сизди бүгүнкү 70 жылдык маарекеңиз менен кызуу куттуктайбыз.

Сиз Ош мамлекеттик университетинин өсүп-өнүгүүсүнө илимпоз-педагог, жетекчи катары бараандуу салым коштуңуз.

Бүгүн да жемиштүү иштеп келе жатасыз.

ОшМУ менен тагдырлаш, сапарлаш болдуңуз.

Сизди устаттарыңыз-үлгүлүү шакиртибиз деп билишет.

Ал эми теңтуштарыңыз, курбуларыңыз Сизди мыкты дос катары урматташат.

Ал эми миңдеген окутуучуларыбыз, шакирттериңиз Сизди сүйүктүү устат катары кадырлашат, биздин эжекебиз деп сый-урмат менен мамиле кылышат, Сиз менен сыймыктанышат.

Ал эми биз университеттин жетекчилери! Сиз менен мактанабыз, сыймыктанабыз, урматтайбыз.

Сизге Жараткан узак өмүр, куч кубат, түгөнбөс бакыт берсин.

Исаков Каныбек

ОшМУнун ректору,

профессор

 

6521 10:17 07-12-2017

                 

Устаттарым жөнүндө эскермелер

|< 1 2 >|