Новости

ОшМУда илимде ийгилик жараткандар сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 10-ноябрь-илим күнүнө арналган салтанаттуу иш чара уюштурулуп, илимде ийгиликке жеткендер сыйланды.

Аталган салтанат 15-ноябрь күнү профессордук-окутуучулук курамдын катышуусунда уюштурулду. Жыйынды алып барган ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору И.Кенжаев жамаатты майрам менен куттуктап, өлкөбүздөгү илим чөйрөсүн реформалоо багытындагы жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштерге токтолду.

Сөзгө чыккан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков окумуштууларды илим күнү менен куттуктап, ОшМУда илим изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулуп, ийгиликтер да арбын экенине токтолду. “Үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилине чейин ОшМУнун 20 окутуучусу илимдин кандидаты, 4 илимдин доктору даражасын коргошту.

Мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн ургалдуу иштеп жаткан окуу жайыбыздагы К. Алымкулов, Б. Арапов, П. Купуев, К. Матикеев, К.Зулпукаров, Б.Каримова, Г.Матиева, И.Кенжаев, Т.Жумабаева, В.Белов, А.Сопуев, И.Ташболотов сыяктуу бараандуу окумуштууларыбыздын илимий мектептери түзүлүп, алардын жетекчилигинде бир топ окумуштуулар тарбияланууда. Учурда окуу жайыбызда илимий багытта изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан изденүүчүлөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп келүүдө”-деди ректор.

Салтанаттын жүрүшүндө билим берүүдө жана тарбиялоодо ийгиликтери жана илим тармагына кошкон салымдары үчүн зоология жана экология кафедрасынын доценти, б.и.к., К.Алтыбаев, дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, ф.и.к., Д.Асанова, орто кесиптик билим берүүнүн теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти, ф.-м.и.к., Т.Папиева КРдин Билим берүү жана илим министринин Ардак грамотасы менен сыйланышты. Ал эми ИТАС кафедрасынын улук окутуучусу У.Молдояров, педагогика кафедрасынын доценти, п.и.к., М.Колдошев Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, математика кафедрасынын улук окутуучусу С.Абдрасулова, физикалык, аналитикалык, органикалык химия жана химиялык технология кафедрасынын доценти, х.и.к., М.Мирзаева Ош шаардык Кеңешинин, хирургия кафедрасынын профессору, м.и.д. О. Райымбеков, бухгалтердик эсеп жана экономикалык анализ кафедрасынын башчысы, э.и.к., Т.Исраилов Ош шаардык мэриясынын Ардак грамоталарына ээ болушту. Ошондой эле илим күнүнө карата үзүрлүү эмгектенип жатышкан бир топ окутуучуларга ОшМУнун Ардак грамоталары тапшырылды.

Бир жыл аралыгында илим жаатында уюштурулган сынактардын жыйынтыгы чыгарылдып, жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Анда “Мыкты монография-2017” номинациясы боюнча I орунга Болгариядан басмадан чыккан монографиясы үчүн ф.-м.и.д., профессор К.Алымкулов жана Д.Турсуновдорго жана Бишкек шаарында басмадан чыккан монографиясы үчүн профессор К.Матикеевге 5000 миң сом, II орунга Ош шаарында басмадан чыккан монографиясы үчүн доцент А.Келдибековага жана Бишкек шаарында басмадан чыккан монографиясы үчүн Орус филологиясы факультетинин деканы Г. Мадмаровага 3500 сом, III орунга Бишкек шаарында басмадан чыккан монографиясы үчүн профессор С.Момуналиевге жана Ош шаарында басмадан чыккан монографиясы үчүн доцент Н.Шадиевге 2500 сом өлчөмүндө сыйлыктар тапшырылды.

“Мыкты окуу китеби-2017” номинациясы боюнча жеңишке жетишкен окумуштууларга 4000 миң сомдон, , “Мыкты окуу-усулдук колдонмо-2017” номинациялары боюнча жеңишке жетишкендерге 3000 миң сомдон 1000 сомго чейин акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Кеченин жүрүшүндө автордук күбөлүккө ээ болгон окутуучуларга, алыскы чет өлкөлөрдө басмадан чыккан авторлордун макалаларына акчалай сыйлыктар берилди. Жыйындын соңунда бир жыл аралыгында университетте илимий ишин коргогон 4 илимдин докторуна, 20 илимдин кандидатына дипломдор тапшырылды. Докторлук иш коргогондор үчүн университет тарабынан 60 миң сом, кандидаттык иш жактагандар үчүн 30 миң сомдон сыйлыктар берилип келет.

Илим күнүнө арналган иш чара концерттик программалар менен коштолду.

3625 09:43 16-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|