Новости

Юридика факультети 1-курстарды кабыл алуу аземин өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинде 17-ноябрь студенттердин эл аралык күнүн утурлай бардык факультеттерде түрдүү иш чаралар уюштурулуп жатат.

Юридика факультети тарабынан 14-ноябрь күнү Р.Абдыкадыров атындагы филармонияда факультеттин 1-курстарын кабыл алуу аземи болуп өттү. Кечеге ОшМУнун социалдык жана тарбия иштери боюнча проректору Т. Колдошов, ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А. Аккулов, факультеттин жамааты, студенттер катышышты.

Салтанаттуу аземде факультеттин деканы Гулсара Кулдышева факультетте мыкты билим алып, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерге номинацияларды, ардак грамоталарды тапшырды. Ошондой эле кечеге катышкан студенттердин ата-энелерине ыраазычылыктар билдирилди.

Азем концерттик программа менен коштолду.

4137 11:50 15-11-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|