ОшМУнун Конфуций институту менен таанышуу, тажрыйба алмашуу максатында келген ыктыярчы окутуучулар Конфуций институтунун окуу имараты, жатаканасы менен жакындан таанышып чыгышты. Ошондой эле студенттердин колунан жасалган буюмдар, сабак учурундагы жана маданий-массалык иш чаралардагы тартылып алынан сүрөттөргө күбө болушту.
Келген коноктор Конфуций институтунун жамаатына ыраазычылык билдиришип, мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барыша тургандыктарын билдиришти.