Новости

ОшМУда Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, мыктылар сыйланды

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Ош мамлекеттик университетинде 6-октябрь күнү салтанаттуу жыйын уюштурулуп, ардактуу кесип ээлери сыйланды.

Жыйынды ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып, түмөн түйшүктүү кесипти аркалап, адамдарды аруулукка тарбиялаган ардактуу кесип ээлерин куттуктады. Ошондой эле учурда мамлекет тарабынан жана университеттин жеке демилгеси менен окутуучуларга көрүлүп жаткан камкордуктар, билим сапатын көтөрүүгө, жаңыланууга карата түзүлүп жаткан иш-аракеттер боюнча маалымат берди. Өзгөчө мугалимдер тууралуу айтылган притчаларга токтолуп, коомдо кандай кырдаал, кандай мезгил болбосун мугалимдерге өзгөчө мамилеле болуп келгендигин белгиледи жана мугалим бир гана билимдүү болбостон жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, турган турпаты менен жаштарга үлгү болушу керектигин айтты, университетте эмгектенип жаткан жамааттын ар бир мүчөсүнүн үйүндө тынччылык, коомдо ынтымак-ырашкерлик болуп, университте өсүп-өнүгүү болуусун тиледи.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата көп жыл үзүрлүү эмгектенип, билим берүүдө, илимде ийгиликтерди жаратып ОшМУнун факультеттеринде, колледждеринде эмгектенип жаткан 31 агай-эжекеге ОшМУнун Ардак грамотасы, 16 агай-эжекеге 3600 сомдон акчалай сыйлыктары тапшырылып, 19 окутуучунун эмгек китепчесине алкыш жарыяланды.

Салтанаттуу кечеде билим берүүгө, илимге кошкон өзгөчө салымдары үчүн Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти А.Тешебаева, Финансы-юридикалык колледжинин физика-математика жана информациялык технологиялар кафедрасынын башчысы , ф-м-.и.к., доцент Г.Калдыбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси менен сыйланышса, университетте үзүрлүү эмгектенип жаткан профессордук-окутуучулук курамдын бир тобуна КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы, Ош шаардык мэриясынын, КРдин Өкмөтүнүнү Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Бириккен профсоюздар уюмунун Ардак грамоталары тапшырылды.

Ошондой эле ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында өткөрүлгөн “ОшМУнун мыкты лектору-2017”, “ОшМУнун мыкты окутуучусу-2017” конкурстарынын жеңүүчүлөрү сертификат, диплом, активдүү катышкан окутуучулар ОшМУнун Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары менен сыйланды. Белгилей кетсек, аталган сынак жыл бою уюштурулуп, комиссиянын чечими менен мыктылар тандалып алынган. Аталган сынакта “ОшМУнун мыкты лектору-2017” номинациясында баш байгени Эл аралык мамилелер факультетинин доценти, т.и.к., Жолдошбек Бөтөнөев, “ОшМУнун мыкты окутуучусу-2017” номинациясында баш байгени Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин улук окутуучусу Динара Мурзубраимова ээлеген. Сынакта 1-орунду ээлегендерге университет тарабынан 15 000 сом, 2-орунду ээлегендерге 10 000 сом, 3-орунду ээлегендерге 8 миң сомдон акчалай сыйлыктар да тапшырылды.

3927 13:31 06-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|