Новости

Ардагер агай-эжекелерге сый-урмат көрсөтүлдү

2-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 244 ардагер мугалимдерге сый көрсөтүлдү.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата ар жылы салтка айланып өткөрүлүп келген иш-чара окуу жайдын ректораты, профсоюз уюму жана Ардагерлер Кеңеши тарабынан уюштурулуп, ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, ар бирине акчалай сыйлыктар берилди.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов, ОшМУнун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Арап Анарбаевдер өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжекелерди, кызматкерлерди майрам менен куттуктап, ден соолуктары чың, өмүрлөрү узун болуусун, университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти.

Ардагерлер жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштерге ийгилик каалап, ак баталарын беришти жана университеттин жалпы жамаатына, жетекчилигине жаштардын татыктуу билим алуусу үчүн тынымсыз изденүү менен эмгектенип жаткандыктарына ыраазычылыктарын айтышты.

Майрамдык кече ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

3703 13:20 04-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|