Новости

«EdNet» аккредитациялык агенттигинин аткаруучу директору ОшМУда жолугушууларды өткөрдү

Билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдиги боюнча «EdNet» аккредитациялык агенттигинин аткаруучу директору Оңолкан Уманкулова Ош мамлекеттик университетинде кызматташтыктар тууралуу жолугушууларды өткөрдү.

Алгач университеттин окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу, Аккредитация жана сапат департаментинин башчысы М.Алтыбаева, окуу-маалымат департаментинин башчысы Р.Арапбаевдер менен EdNet агенттигинин аккредитациялоо процедуралары, аккредитациялык процедуралардагы киргизилген өзгөртүүлөр боюнча пикир алышты.

Оңолкан Уманкулованын маалыматына ылайык EdNet агенттигине бир жылда эки жолу 1-сентябрдан -15- ноябрга чейин жана 1-марттан 30-апрелге чейин арыз берүү мүмкүн. Арыз берилген учурда ЖОЖдо EdNet агенттиги тарабынан толук окуп-үйрөтүлгөн жооптуу адис дайындалат жана EdNet агенттиги жогорку билим берүү программалары менен гана иштейт.

Ошондой эле учурда EdNet агенттиги аккредитациянын чыгымдарын азайтуу максатында кластердик мамилени сунуштайт. Алар а) багыттар (смежный) боюнча кластер, б) билим берүү программасынын деңгээлдери боюнча кластер, в) бирдей багыттар (смежный) жана Билим берүү программасынын деңгээлдери боюнча, бир нече ЖОЖдордогу бирдей багыттар. Ошондой эле ЕdNetтин ОшМУ менен кызматташтыгынын түрдүү багыттары талкууланды.

“EdNet» агенттигинин аткаруучу директору Оңолкан Уманкулова ошондой жогорку окуу жайлардагы агенттиктин сертификаттуу эксперттери менен жыйын өткөрдү.

Кошумчалай кетсек, учурда ОшМУнун профессордук окутуучулук курамынан “EdNet” аккредидациялык агенттигинин сертификатына ээ болгон 8 эксперти бир.

4915 11:50 03-10-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|