Новости

ОшМУнун студенти V Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгына бир алтын, бир күмүш медаль алып келди

Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өтүп жаткан Жабык имараттагы V Азия оюндарында ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти, эркин күрөш боюнча спорттун чебери, алыш күрөшүндө эл аралык класс боюнча спорттун чебери Мамарасул кызы Алтынай алыш күрөшү боюнча алтын медаль, Түркмөн күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болуп, Кыргызстан курамасынын капчыгын 2 медаль менен толуктады.

Учурда ОшМУнун жамааты Мамарасул кызы Алтынайдын окууларына ийгиликтерди каалап, жеңишине кубанып турган чагы.

Белгилей кетсек, Мамарасул кызы Алтынай Беларусиянын Минск шаарында 2016-жылы өткөн алыш белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 70 кг чейинки салмакта алтын медалга, Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында алыш күрөшү боюнча күмүш медалга ээ болгон.

Фотолор: www.sport.gov.kg сайтынан алынды

4156 12:53 25-09-2017

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|