Эске сала кетсек, залкар талант Р. Абдыкадыров ОшМУда окуп билим алып, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин университетте эмгектенген. Ал 1994-жылы 12-сентябрда 52 жаш курагында мезгилсиз көз жумган. Учурда ОшМУда Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгын изилдөө, жаш муундарга жайылтуу максатында түзүлгөн фонд, музей жана Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борбор иштейт. Университетте жыл сайын залкар таланттын элесине арналган эскерүү кечелери уюштурулуп келет.
ОшМУнун жамааты элибиздин залкар таланты Рыспай Абдыкадыровду эскеришти
15:12
Ош мамлекеттик университетинин жамааты, бирге иштешкен кесиптештери, студенттер 12-сентябрь күнү КРнын эмгек сиңирген артисти, элибиздин залкар таланты, элдик композитор, ырчы, обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун күмбөзүнө гул чамбарларды коюшуп, куран окушуп, эскерип келишти.
3803 15:12 14-09-2017