ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Расул Абазбек уулу клубдун ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Мындан 20 жыл илгери университеттин базасында “Азия жебелери” деген аталыштагы дискуссиялык клуб иштеп, анын курамында жүрүп, коомдук пикир жаратып келген жаштардан көптөгөн мамлекеттик, коомдук ишмерлер чыккандыгын белгиледи. Ошондой эле “Келечек долбоору” клубун жигердүү иш алып барууга үндөдү.
Тегерек столдун жүрүшүндө т.и.к., доцент, Тарых факультетинин деканы С. Смадияров “Суверендүүлүк мезгилиндеги жетишкендиктер”, Юридика факультетинин социалдык иштер кафедрасынын башчысы Н.Патиев “Суверендүүлүк мезгилиндеги колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөр” деген темалар боюнча баяндама жасашты, ошондой эле “Көз карандысыздыкка жеткен күн” деген аталыштагы телебаян көрсөтүлдү.
Баяндамалардан соң клубдун мүчөлөрү баяндамачыларга суроолорун беришип, өз ой-пикирлерин билдиришти. Теманын айланасында кеңири талкуу жүргүзүштү. “Биздин жаңы түзүлгөн клубга окуу жайыбыздагы бардык факультет, колледжедерден каалоочу агай-эжекелер, студенттер жазылып жатышат. Биз буга чейинки жыйыныбызда клубдун түзүлүшү, Жобосу боюнча талкуу өткөргөнбүз. Ал эми бүгүн суверендүү Кыргыз мамлекети жөнүндө сөз кылууну туура көрдүк.
Бүгүнкү талкуудан көрүнүп таргандай биздин жаштар кайдыгер эместигин көрсөтүп, өз ойлорун ачык-айкын билдирип, сунуш-пикирлерин айтышты. Биз муну менен токтоп калбай клубдун ишин мындан да жандантып, түрдүү багыттагы дискуссияларды уюштурабыз”, -деди аталган клубдун жетекчиси т.и.к. Сабыр Арстанов.